Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн “Азаттыкка” кабарлашты. Губернатор Жеңиш Разаков чек арадагы от атуу боюнча Өзбекстандын Фергана облусунун акими менен жолукканы жатканы кабарланган. Бирок Өзбекстандын райондук деңгээлдеги жетекчилери гана келип, өзбек чек арачылардын огунан мерт болгон кыргыз жарандын унаасын өткөрүп берип, окуя боюнча кылмыш иш козголгонун гана маалымдап кетип калышкан.
19нан 20-июнга караган түнү кыргыз-өзбек чек арасындагы Сары-Алтын айылында өзбек чек арачылары кыргызстандык жаран, 37 жаштагы Бакыт Тагаевди атып салган. Күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылган эки жүздөй киши кечээ Гүлпиянга жыйылып бир жарым саат жол бууган. Маркумдун артында беш баласы жетим калды, кенжеси бир жашта.