Жылсанакта кызыл дата катары көрсөтүлүп, мамлекетибиздин 80 пайыздан ашыгын түзгөн мусулман эли майрамдап келе жаткан эки чоң майрам бар. Булар Орозо айт жана Курман айт. Совет доорунда орозо кармоого тыюу салып келгенин улуулардан көп эле укканбыз. Ал эми диний майрамдар белгиленмек бери турсун, мусулман элибиз бата кылгандан уялып жашаган, б.а. өзүнүн салт-санаасын, диний ырым-жырымдарын аткара албай коркуп жашашкан бир мезгил болгон экен ал доор. Ал эми бүгүнкү демократия доорунда ар бир адам каалаган динин карманууга укуктуу жана бул ар бир демократиялык өлкөнүн башмыйзамы болгон конституциясында бекитилген.
Орозо айт майрамында чогуу намаз окуп, дуба кылып, үй-бүлөбүз менен шириндиктерди жеп, ширин жашоого багыт алабыз. 40 градус ашыгы күндүн ысыктыгына карабай орозо кармагандар чыныгы жаратканына баш ийгендер.
Орозо бизди бул жалган дүйнөнүн жамандыктарынан, ал эми акыретте болсо, тозок отунан сактаган жана да күнөөлөрүбүздүн кечирилүүсүнө себепкер болуучу динибиздин беш шартынын бири жана өтө чоң мааниге ээ ибадат болуп эсептелет. Ааламдарга ырайым катары жөнөтүлгөн эң акыркы Алланын Элчиси, сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафанын (с.а.в.) жалпы үммөтүнө айткан мындай сүйүнчүсү бар: “Кимде-ким ишенип жана сыйлыгын жалгыз Алла Тааладан күтүп, Рамазан орозосун кармаса, анын мурдагы күнөөлөрү кечирилет”. Ошондуктан, Аз. Пайгамбардын (с.а.в.) сөзүнө кулак салып, сүйүнчүсүнө көңүл буруп орозо кармаган адам канчалык бактылуу.
Илгертен Ислам динин карманып, анын баалуулуктарын урпактарына татыктуу түрдө өткөрүп өмүр сүрүп келген ата-бабалар орозо тууралуу, б.а. анын пайдасы, сообу жана пазилети тууралуу аят жана хадистердин негизинде өздөрүнүн уңгулуу нуска кептерин айтып калтырышкан. Мисалы: “Отуз күндүк орозо, ой тазартаар жол ошо” – деп орозонун адам баласынын дилин тазартып, акыл-эсин сергек кылуучу касиетин кашкайта айтып өтүшкөн. Албетте, алар орозонун кадырына жеткендиктен, ушундай уйкаш кылып келечек муунга насаат катары айтып кетишсе керек. Аят, хадис жана ата-бабалардын насаат сөзүнө кулак салып, алардын акыйкат маанисин аңдоо менен гана азыркы жаштар туура жолду табат деп ишенемин. Карыларга катарлаш эле жылдан жылга орозо кармаган жаштарыбыздын саны көбөйүп баратканы кубантат.
Жашоонун маңызы Алла Тааланы таануу, ага ыйман келтирүү жана жалгыз ага сыйынып жашоо – деп үйрөткөн динибизде Орозо айы ыйык жана кут берекелүү ай болуп эсептелет. Анткени, бул ай жаркырап Ислам күнү чыккан ай, адамзатты караңгылыктан жарыкка алып чыккан ыйык Курани Карим түшүрүлө баштаган ай, миң айдан дагы кайыр-сооптуу Кадыр түн катылган ай экендиги шексиз. Жаман ой, жаман адаттарды жууп кетирген, жакшы ой, жакшы кулк-мүнөздү жараткан Рамазан айы адам баласын руханий жактан тирбиялаган куттуу жана берекелүү ай, мына ошол себептүү бул айды он эки айдын төрөсү, мырзасы деп атайбыз.
Орозо кармаган адам Алла Таала кулу үчүн ар бир секунд жаратып жаткан өмүр байлыгынын, ырыскынын кадырына жетет, эң сонун адеп-ахлакка ээ болуп периштелик даражага жогорулайт, башкаларга мээримдүү, камкор, сабырдуу жана чыдамкай боло баштайт. Саламаттыгын чыңдап, ден-соолугунун камын ойлоону үйрөнөт.
«Эл жарчысы»