МЕЗГИЛ, ИНСАН, ОКУЯ

Эл баатырларын эл эскерди

2010_04_07
2010-жылдын 7-апрелинде элдик революцияда кыргыздын жүзгө жакын уулу курман болуп, көптөгөн адамдар жарадар болгон эле. Бул апрель окуясына эл арасында ар кандай баа берилип келет. Бирок кандай баа берилбесин адам каны төгүлүп, канча бала жетим, канча ата-эне баласынан ажыраганы чоң трагедия. Убакыт өтүшү менен тарых баарын ордуна коет.
Апрель революциясынын 3 жылдыгына карата Баткен облусунан курман болгон баатырларды эскерип, жер-жерлерде куран окулду. Анын ичинде милициянын полковниги, Кыргыз эл баатыры, маркум Акжол Камбаров өзү туулуп өскөн Кадамжай районунун Тамаша айылында баатырдын ысмы ыйгарылган №13 Акжол Камбаров орто мектебинде эскерүү кечеси болуп өттү. Алгач куран окулуп, А. Камбаровдун эстелигине гүл чембелдер коюлду. Мектеп директору Заир Усенов эл баатырынын өмүрү, иштери жөнүндө баяндама жасап, атасы Абдурасул аксакал көзүнө жаш ала уулу тууралуу эскерди.

Атыңыз өчпөй ар дайым,
Жүрөктө жашайт биз менен.
Бейиште болсун жаныңыз,
Жашайбыз сиздин из менен

-деген сыяктуу ырларын А. Камбаровдун айылындагы окуучулар көркөм окушту.
Жыл сайын 1-сентябрда А.Камбаровдун туулган күнүнө карата волейбол боюнча турнир өтүп келет.
Эскерте кетсек, Баткен облусунан Акжол Камбаров, Азамат Абыташ уулу, Заиридин Кожонов, Кудурет Аширов, Алишер Адилажанов жана Мирлан Турдалиевдер курман болушкан.

Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы