КАЙТАЛАНГЫС БИЙИК САПАТТАРЫ БАР ЭЛЕ
Көлдүктөр жетекчинин ким, кайсы кызматта экендигине карабай маселени, кемчилдиктерди бетине айтышат, артынан сөз кылышпайт. Экинчиден, таза, акыйкат иштеген жетекчини сыйлашат жана колдошот. Бул жерде биздин абабыз Абсамат Масалиев менен Насирдин Исанов таза, мыкты иштешкендиги үчүн көлдүктөрдүн урматына-сыйына татышкан.
Өзгөчө Масалиевдин облустун социалдык-экономикалык, маданий жана руханий өнүгүүсүнө кошкон салымы баа жеткис.
Ошондуктан бул кишини көлдүктөр 7 Акеге кошуп, Аке даражасына көтөрүшкөн. Алар: Кыдыр аке, Садыр аке, Тилекмат аке, Мойт аке, Сарт аке, Карач аке, Карга аке. Ал эми сегизинчиси-Абсамат Аке деп коюшат экен.
80-жылдары Жыргалаң шахтасында көмүр өндүрүү боюнча мамлекеттик план (80000 тонна) толбой калат. Обкомдун бюросунда Абсамат Масалиев бир далай кызматчыларга катуу сөгүш берет. “Мен-кенчи болсом, В.Орлов-кенчи болсо, М.Давлетов-кенчи болсо, а мамлекеттик план толбой турса -уят”, -дейт Абсамат Масалиевич. Өзүнө берилген жазаны жеңилдетейин деген үмүттө шааркомдун экинчи катчысы М.Күчүков: “Абсамат Масалиевич, мен инженер-куруучумун, горняк эмесмин”,-дейт. “Жолдош Күчүков, анда сиз иштен кетүү жөнүндө арызыңызды жаза берсеңиз болот”, – дейт биринчи катчы кабакты түйүп. Муну уккан М.Күчүков “Кайсы кара теке сүзүп, ушу сөздү айта койдум”,-деп өзүн-өзү жемелейт. Бул окуя да эл оозунда айтылып келе жатат.
Караколдун жакшырып, жаңыланышында А.Масалиевдин үлкөн үлүшү бар экенин шаардыктар бүгүн да сыймыктануу менен сүйлөп жүрүшөт.
Абсамат аганын адамдарга болгон акыйкат мамилеси, адамгерчилиги, чынчылдыгы, боорукерлиги, мүрөктөй тазалыгы жана башка толгон-токой мыкты сапаттары кылымдарды карытып жашай берери шексиз.
Абсамат Масалиев биринчи кезекте өзүнө, үй-бүлөсүнө, андан кийин башкаларга талапты катуу койчу. Анын жубайы Козубаева Кайринса турмуш-тиричилик комбинатында тигүүчү болуп иштеген мезгилде ишембиликтерде эл катары эртеден кечке иштегенин көлдүктөр айтып, түгөтө алышпайт.
Көлдө биринчи катчы болуп турганда, бир мекеменин башчысы бир козунун этин, бир чанач кымызды алып үйүнө келиптир. Абсамат Масалиевич ал чиновникти жакшы кабыл алат. Ал – жайды сурашкандан кийин: “Кош кандай маселе менен келдиңиз”-деген суроо узатат. “Аксакал сизден тек гана кабар алганы келдим”,-дейт тиги. Анда Абсамат Масалиевич: “Булар эмне?” “Козунун эти, таза кымыз”,-дейт чиновник. – Ал-жай сурап келгениңе чоёң рахмат. Апкелген кымыздан ооз тиейин деп, бир чыныга куюп, андан кийин тигиге кайрылып: “Мындай чыксаңыз, бала бакча бар, ошого түп-түз барасыз, бала бакчанын башчысына козунун этин таразага тарттырып, накладной толтуруп, кымызды кошо өткөрүп бересиз”-деп жылуу жумшак балдар бакчасын көздөй узатып коюптур.
“Таза күрөштө мөрөйдү митаам илип кетет»
(Кучлук Хан)
“Кыргызстандын тарыхындагы орчундуу жана трагедиялуу окуялардын бири – 1990-жылдын 25-октябрындагы Жогорку Кеңеш тарабынан өлкөнүн биринчи Президентин шайлоо.
Азыр талдап көрсөм “легендарлуу парламенттин» депутаттары өз милдетибизди абийирдүүлүк менен аткара албаптырбыз. Эгемендик бизге Ч.Айтматовдун турналарындай эрте келиптир. Аны башкалар акыл-эстүүлүк, билгичтик менен пайдаланышып, мамлекет түптөөнү фундаменттен баштап, андан кийин кыш үстүнө кыш коюп бекем курса, эмоция менен иш кылган биз үйдү чатырынан баштап кура баштаппыз. Фундаменттен дайын жок… Анан Кыргызстандын биринчи Президентин шайлоодо эсептөө комиссиясы 3-4 бюллетенди “жараксызга” чыгарышып, “урматтуу Абсамат Масалиевич, сизге 3-4 добуш жетпей калды, тилекке каршы”-деп тил эмизишип, “парламенттик жумшак төңкөрүш” жасашыптыр. Эсептөө комиссиясын түзүүдө төңкөрүшчү маанайдагылар тизменин башында, ар-намысы барлар жана бейтарап депутаттар тизменин аягында калышыптыр. “Оппозиционерлердин” анабашыларынын бири Роба Абдысаматова эсептөө комиссиясынын тизмесинде үчүнчү болуп жазылып калганы кызык. Муну да өз колу менен жазган Абсамат Масалиевич! Ошондо жыйырма-отуздай адамдын аты-жөнүн эсептөө комиссиясына киргизүү үчүн сунушталса, башында жазылгандар кирип, артындагылар илешпей калган эле. Абсамат Масалиевичтин ошондо Роба Абдысаматова баштаган төңкөрүшчүл маанайдагы депутаттарды тизменин акырына жазып койгонго сопсонун мүмкүнчүлүгү бар эле. Чынчыл коммунист А.Масалиев бул мүмкүнчүлүктү да өз керт башынын кызыкчылыгы үчүн пайдаланбаптыр. Бул адамдын ошол шайлоодо куулук-шумдукту билбегендиги, идеалдуу тазалыгы, баарын өзүндөй көргөндүгүнүн натыйжасы, элдин келечеги үчүн кейиштүү болуп калды. Тээ XIII кылымда “Таза күрөштө мөрөйдү митаам илип кетет” деген экен Кучлук Хан бабабыз. Абсамат Масалиевич дүйнөлүк тарыхта сейрек кездешкен, а түгүл эталон боло турган таза шайлоо өткъөрдү. Мындай таза шайлоо батышта да сейрек учурайт.
Улуу инсан Исхак Раззаковду кызматтан кетиришкенде, ал болгону 50 жашта экен. Бул жаш-курак адамдын акылга, күчкө толуп, тоону томкоруп иштей турган убагы эмеспи! Ал эми Абсамат Масалиевичти алып түшкөнүбүздө ал 57 жашта эле. Дүйнөлүк практикада бул курак мамлекетти башкаргандар үчүн эң идеалдуу жаш катары эсептелет.
Бир аз ой жүгүртүп, артка кылчайып карап көрөлүчү. Советтик Кыргызстандын биринчи Президенти Абдыкадыр Орозбековду 48 жашында, биринчи премьер-министр Жусуп Абдрахмановду 37 жашында алып түшүп, “эл душмандары” деп жала жаап, атып салдык! “Калыс сөзүн айталбай, калк бузулат, сак болгун!”-деп Кет Бука бабабыз мындан 750 жыл мурун ырдаган экен. Качан калыс сөзүбүздү кечигип эмес, убагында айтканга үйрөнөбүз? Абсамат Масалиевдин мыктылыгын, тазалыгын, улуулугун, Президенттикке андан татыктуу адам жоктугун билип турсак дагы убагында айтпадык! Анын кандидатурасын президенттикке “Мындан татыктуу, таза адам бүгүн жок. Мени уят кылбаңыз, жолдош Сааданбеков, колумдан президенттик келбейт, азыркы ишимди Кудай кут кылсын, ушуга араң алым жетип жатат”,-деп агынан жарылып, аркасынан чыккынчылык кылып партиялашын сатып кеткендердин бетине неге жаба түкүрбөдүк!? Уруулук кызыкчылыкты улуттук, партиялык кызыкчылыктан өйдө койгонубуз үчүн унчукпадыкпы?
А.Масалиев тактан төңкөрүлгөнүн трагедия деле кылган жок. “Жаманга башчы болгончо, жакшыга кошчу бол- деген кыргыздын акылман сөзүн эске алып, Жогорку Кеңештин төрагалыгын Медет Шеримкуловго, Кыргызстан КП БК биринчи катчылыгын Жумгалбек Аманбаевге өз ыктыяры менен өткөрүп берип, Москвага ЦК КПССке жогорку кызматка которулуп кетти. Ошентип Кыргызстанда бийликти ТЫНЧТЫК ЖОЛ менен өткөрүп берүү традициясынын атасы да -Абсамат Масалиев экендигин тарых алдында так айтып койгонубуз акыйкат иш болот.
“Кыргызнефтегаз” банкроттуктан кантип кутулган?
Учурда Кыргызстанда стратегиялык мааниге ээ “Кыргызнефтегаз” ишканасы өтө оор кыйынчылыктарга дуушар болгон.
1992-жылга чейин Кыргызстанда өндүрүлгөн чийки нефтини коңшу Өзбекстандын Ферганадагы нефтини кайра иштетүүчү заводу иштетип, продукция чыгарчу. 1992-жылдан баштап, бизде өндүрүлгөн 70000 тонна чийки нефтини Өзбекстан кайра иштетүүдөн баш тартты. Өзүбүздө андай завод жок болчу. Ошентип жылына өндүрүлгөн жетимиш миң тонна чийки нефтини атайын жасалган көлмөлөргө (ловушка) куюп сактаганга мажбур болгонбуз. Ачык көлмөлөрдө сакталган нефтинин жеңил фракциялары атмосферага бууланып, алына турган бензин жана солярканын үлүшү азайып, “Кыргызнефтегаз” ишканасы эбегейсиз зыянга дуушар болгон. Бир жылдык эле жоготуу 60-70 миллион сомду чапчыган.
Ушундай оор шартта, өндүрүштү өңүндө эмес, түшүндө да көрбөгөн псевдореформаторлор өлкөнү башкарып, акциз салыгын киргизип, мунун натыйжасында бул ишкана банкроттуктун босогосуна келип, биротоло жоюлуп кетүү коркунучунда калган. Туура эмес токулган өкмөттүн токтомун оңдолсун деп, мен башкарган “Кыргызнефтегаз” акционердик коому Президентке, премьер-министрге, тиешелүү министрликке кайра-кайра кайрылып жатып тилибиз тешилди. Эч натыйжа болбогондон кийин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, комитеттин төрагасы, мамлекеттик ишмер, өндүрүшчү А. Масалиевге кайрылдык. Эмгек жамаатынын кайрылуусунан кийин А.Масалиев өз демилгеси менен депутаттык комиссия түзүп, Кочкор-Ата шаарчасына келип, эки-үч күн нефтегаз тармагынын экономикалык, финансылык, технологиялык абалын терең изилдеп чыгышкан. Адистер, геологдор менен маселени кеңири талкуулап, ошондон кийин гана биз койгон маселелерди мени менен талкуулай баштады. Жашырганда не ушундай жөнөкөй адамдан ушунчалык сүрдөдүм, муну сөз менен сүрөттөй албайсың.
Өкмөттүн киргизген акциздик салыгына анын жөнөкөй, бирок өтө таамай аныктама бергени мени өзгөчө таң калтырды. “Бул казылган, бирок али сатыла элек көмүргө киргизилген салык менен барабар болуп калыптыр. Мындай болсо эч ким көмүрдү казбайт, жашылча-жемишти өстүрбөйт. Бул жагы терең талдап же бул салыкты алып таштоого же төмөнкү деңгээлге түшүргөнгө аракет кылабыз”,-деди Абсамат Масалиевич. Ошентип, а кишинин өндүрүштү терең түшүнгөндүгү, проблемага мамлекеттик мамиле жасашы бүтүндөй нефтегаз тармагын сактап калды. Туура эмес киргизилген акциз салыгы алынып салынды. Ишкана куткарылды, аман калды.
Бир сөз менен айтканда, ал кыргыздын А.Н.Косыгини эле.
Алла Таалам Абсамат Масалиев агабызга адам затына кайталангыс жөнөкөйлүктө, талант жана иш билгиликти, жогорку маданияттуулукту, бийик ынсапты, кебелбес ыйманды тартуу кылыптыр.
Касым Исманов, коомдук ишмер