Кадамжай районунда Кыргыз-Кыштак, Майдан, Масалиев, Үчкоргон айыл округ башчыларын жана Кадамжай, Айдаркен шаарларынын мэрлерин шайлоо башталды.
Кечээ 28-январда Масалиев жана Үчкоргон айыл округ башчыларын шайлоо болуп өттү. Масалиев атындагы айыл округ башчысын шайлоодо айылдык депутаттардын жетиштүү добушу талапкерлердин эч кимисине тийбей, шайлоо кийинкиге калды.
Үчкоргон айыл округунун башчысын шайлоодо 31 депутаттын 23 добушка Абдрахманов Ахматжан ээ болуп, жеңип чыкты.
Ал эми 29-январда болуп өткөн Кыргыз-Кыштак айыл округунун башчысын шайлоодо Коргонбаев Кутман 21 депутаттын 11 добушу менен айыл округ башчылыгына тандалды.
Ушул эле күнү Кадамжай шаарынын мэрин шайлоо болуп, шайлоонун жыйынтыгында шаардын мэрдигине 11 добуш менен Пазылов Асанбай өттү.
Эми 30-январь күнү Майдан айыл округ башчысы, 31-январь күнү Айдаркен шаарынын мэри шайланат.
А.Тажибаев , атайын кабарчы