Бүгүн Бишкекте өтүп жаткан мусулмандардын курултайында
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчылыгына Рахматулла ажы Эгембердиев шайланды. Ал буга чейин муфтийдин милдетин аткаруучу болуп келген.
Ушул эле курултайда бүгүн 35 кишиден турган уламалар кеңешинин курамы шайланган. Алар муфтийге добуш берди. Рахматулла ажы Эгембердиев 25 добуш алды. Жалпысынан шайлоого 10 киши талапкерлигин көрсөткөн.
0 36