Бирлик айыл округундагы Сырт мектеби Орунбай Тешебаевдин атына коюлду. Бул маселе алгач жергиликтүү Кеңештин сессиясында колдоого алынып, андан райондук Кеңештин сессиясында каралып, О.Тешебаевдин билим берүү тармагында эмгеги чоң экендиги бааланып, калк арасында кадырлуу педагог катары таанылган бул инсандын мектепке атын ыйгаруу, депутаттар тарабынан бир добуштан колдоого алынып, райондук Кеңештин атайын токтому да чыккан.
О.Тешебаев 1951-жылы ушул Сырт айылында туулган. Орто мектепти бүткөндөн кийин, Советтик Армиянын катарында кызмат өтөдү. 1973-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин математика факультетине кирип, Лениндик стипендия менен окуп, артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Андан Москва шаарынан информатика боюнча атайын курсун окуп келген. Эмгек жолун ушул Айдаркен шаарындагы №2 мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштаган. Билим берүү майданында балдарга информатика сабагын берүүдөгү эмгеги өзгөчө бааланды. Айрыкча алгачкы жолу пайда болгон «Корвет» компьютерлерин окуучулардын жакшы өздөштүрүүсүнө шарт түзгөн.
30-ноябрь күнү Сырт айылындагы мектеп шаңга бөлөндү. Анткени, билим берүүдө эмгеги элге сиңген маркум О.Тешебаевдин атын ыйгаруудагы чоң салтанатта элдин кубанычтуу маанайы байкалып турду.
Бул салтанатка райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары И.Мамарасулова баштаган бир топ жетекчилер катышты. Адаттагыдай, жетекчилер тарабынан мектептин тушоосу кесилип, мектептин класс кааналары менен таанышып чыгышты. Мектеп сыртынан жупуну көрүнгөнү менен ичиндеги кааналардын жасалгалары, айрыкча информатика каанасынын бир топ жаңы типтеги компьютерлер менен жабдылышы чоң таасир калтырды.
Аземдин салтанаттуу бөлүгү мектептин чоң залында уланды. Жыйынды мектептин директору Эсенов Каныбек ачып, жалпыга келген конокторду тааныштырды. Сөз кезеги менен раймамадминистрация башчысынын орун басары И.Мамарасулова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси А.Мусурманкулов, Бирлик айыл округунун башчысы А.Жакыпов, Айдаркен шаар башкаруусунун башчысы А.Мурзажановдор сүйлөшүп, окуучуларга, мектепте иштеген эмгек жамаатка ийгиликтерди каалашып, каалоо тилектерин айтышып, белектерин тапшырышты.
Андан Орунбай Тешебаевдин үй бүлөсүнө сөз кезеги келип жетти. Маркумдун аялы Гүлхан Тешебаева келген конокторго ыраазылык билдирип, мектеп үчүн колунан келген жардамын аябастыгын билдирди. Маркум агай Орунбай Тешебаев экөө 2 уул, 4 кызды тарбиялаптыр. Уул-кыздары турмуштан өз ордуларын таап, 2 уулу, 1 кызы Бишкек шаарында эмгектенерин, 1 кызы Германияда окуп жаткандыгын айтып, салтанаттын катышуучуларына тааныштырды. Уулу Азиз Тешебаев Оштон жогорку окуу жайын бүтүргөндөн кийин, бир топ жыл Ош шаарында иштеди. Азыркы учурда Бишкек шаарында иштейт. А.Тешебаев Ошто атасынын жолун жолдоп күчтүү компьютердик адис катары таанылган. Атап айтсак, 2004-2005-жылдары жумуштан тышкары ушул «Эл жарчысы» гезитинин дизайнын ушул жигит жасап берип жүргөн.
Аземде мектеп үчүн Тешебаевдердин үй бүлөсү 1 комплект компьютер, 2 даана принтер, мектептин айнектерине тагылчу шторалар, бийчи окуучулар үчүн кийим-кечектерди жана кааналардын жасалгасы үчүн стенддерди белеке тапшы-рышты. Ошондой эле бул мектепте эң жакшы окуган окуучуларга стипендиялар берилди. Мындан ары да жылдын жыйынтыгы менен мыкты окуучуларга стипендия берилип турарын билдиришти.
Сырт айылындагы чоң салтанат мындан ары окуучулар тарабынан даярдалган концерттик программа менен уланды.
Атайын кабарчыбыздан