Апа, сен жөнүндө жазаарымда оюмду, чегиртке сымал чырылдап сөздөр жайнап турат, уюгунан чууруп кумурскалар чыккан сымал сөздөр кайнайт. Асманда көздүн жоосун алган сансыз жылдыздар жымыңдап, суктанып карашат.
Сен жөнүндө жазаарымда оюмду, телегейим тегиз болуп, төгөрөгүм төп болот. Алдымдагы жытты аңкыган, көз жоосун алган гүлдөр сенин ажарыңа ажар кошуп тургандай көрүнөт. Ак кагаздын бетине жазайын деп, калемди кармаарымда колума, көз жаштай тунук болгон шүүдүрүмдөр жолума нур чачып жарык кылат.
Сен жөнүндө жазаарымда оюмду, сөз кенин казып, сөздөрдүн асылдарын табалбай кыйналамын. Сөздөрүмө кир сөздөр кирбесин деп, кайра-кайра искеп көрөм.
Сен жөнүндө өз оюмду баштаарымда, оюма уйкаш сөздөр бири-бирине уланып келе берет.
Ак кагаздын бетине мени кошкун, мени жаз деп сөздөр келет кубанып.
Апалар-өмүрлөрдүн жарык шамы,
Аярлап, бийик кармап, ыйык туткан.
Апалар-таң шооласы, күн шооласы,
Мээримин төгүп күндө аппак аткан.
Апалар-жаркын маанай, кенен пейил,
Кең аалам карегине бүтүн сыйган.
Болсо да дүйнө түгөл, көңүлүң шат,
Аларсыз шам чырак жок, күйүп турган.
Апалар силер барда бул жашоодо,
Өмүрдүн ажайыбы чоң бакыт бар.
Апалар нур жүзүңөр сезимдерде,
Каректе бажырайып турасынар.
Ооба, “Апа” деген сөз- жазып бүткүс роман десек болот. Анткени алар жөнүндө канчалык сөз айтсак да аздык кылат. “Апа” деген сөзгө ээ болушу өзү-канчалык сыймык. Бирок апалык милдетти аткаруу-канчалык кыйын.
Ал үчүн денесиндеги бир тамчы сүтү менен дүйнөгө келген ымыркайды багып өстүрүп, тарбиялап, адам катарына кошот. Өзү жебегенди баласына жедирет, өзү кийбегенди баласына кийдирет. Баласы кичине эле жакшы нерсе жасаса, төбөсү көккө, колу айга жеткендей, көзүнөн жылуу мээримин чачып карап турганын көрүп, өзүн бактылуу сезип турганын билүү кыйын эмес. Кубанса кошо кубанып, күлсө кошо күлүп, ыйласа кошо ыйлайт апалар.
Ошондуктан эненин мээриминен өткөн мээрим, сүйүүсүнөн ашкан сүйүү жок болсо керек дүйнөдө. “Баланын билеги ооруса, эненин жүрөгү зыркырайт”,-деген макал да төгүн жерден айтылбаса керек. Баласы ооруса кошо ооруп, түн уйкусун төрт бөлгөн-бул апалар.
Апалар, не деген күйүмдүү жансыңар. Керек болсо бала үчүн мөмөсүн ийип турган чарбактуу баксыңар. Нуру менен жылуулугун чагып турган-Күнсүнөр. Караңгыда жол таппай турган кезде, жарык нурун чачып турган-Айсыңар. Апалар коломтонун отун өчүрбөй, өмүрлөрдү улап келет. Кабагыңда капалык көрүп калса, сөз жакшысын айтып берип, көңүлүндү улап берет.
Эр жетип чоңоюп калганыңда, талаадан кечигип калсаң эгер, аш-тамагын белендеп, ой-санаасы санга бөлүнүп, күтүп турат апалар. Өзүңдү эмес, балаңды да багып берет апалар. Ошондуктан, жаш достор “Апалар-биздин бактыбыз” деп, уран кылып айтсак болот. “Апа” деген ардак сөздү көкүрөккө таксак болот.
Жашоого умтулуп жашоо үчүн, ар дайым болсун Апам!
Үйүбүздө ынтымак менен ырыскыны кармап турган Апам болсун!
Биз үчүн күйүп турган, жашоодо мээримин төгүп турган Апам болсун!
Кубансам кубанчымды, кайгырсам кайгымды да бөлүп турган болсун Апам!
Балдарыма медер болуп, жолдошуна медер болгон Апам болсун!
Кубанычыбызга кубаныч кошуп дайым,
Сөөлөттүү да, дөөлөттүү да,
Ар дайым Апам болсун!
Ар дайым аман болсун!
Назарбай уулу Б,
Молдо Нияз гимназия мектебинин
9-класстын окуучусу