Кадамжайдагы Кыргыз-Түрк лицейинде Кадамжай районунун акиминин балаты майрамы өткөрүлдү. Жаңы жылдык балаты майрамына район акими Акрам Мадумаров катышты.
Бул тууралуу райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мыргал Ганыбаев билдирди.
Акимдин балатысына район аймагындагы алдыңкы окуучулар катышты.
Концерттик программа тартууланып, окуучулар район акимине кызыктырган суроолорун беришти. Майрамдык иш-чаранын соңунда балдарга белектер берилди.
Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Ганыбаев президенттин балатысына Кадамжайдан 5 окуучу барганын кошумчалады.
Кадамжай районунда кыргыз, орус, түрк, өзбек, тажик тилдүү мектептер болуп, жалпы 82 мектеп бар.
Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы