Жакында белгиленип өткөн социалдык коргоо кызматкерлеринин күнүнө карата Кадамжай райондук социалдык өнүгүү башкармасынын башчысы Шакиров Орозбек Мухтаридинович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекетке сиңирген өзгөчө эмгегин баалоо иретинде «Ардак белгиси» төш белгиси жана «Ардак грамотасы» менен сыйланды. Аны соцкызматкерлердин майрамы күнү Бишкек шаарында Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев өзү тапшырды.
Орозбек Шакиров 1998-жылдан бери кесиби боюнча социалдык тармакта иштеп, катардагы адистен баштап, бөлүм башчы, 2005-2009-жылдар аралыгында башкарма башчысынын орун басары, 2009-жылдан бери башкарманын башчысы болуп иштеп келе жатат. Ал жаш өзгөчөлүгүнө карабай, өзүнүн кесибин жакшы билген адис катары өзүн көрсөтө алды. Албетте, мындай ийгиликтерге жетүү үчүн көп күжүрмөн эмгекти талап кылат эмеспи. Бүгүнкү күндө Шакиров Орозбек жетектеген социалдык өнүгүү башкармасында жалпысынан 43 кызматкер эл кызматында эмгектенет.
«Эл жарчысы»