1-ноябрь күнү милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди.
Бул майрамга райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилери, райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана ардагер милиционерлер катышты.
“Коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө өз салымыңыздарды кошуп, эгемендүү мамлекетибиздин кызыкчылыктарын коргоо үчүн күн-түн кызмат кылып, алдыга коюлган милдеттерди так аткарып келе жатасыздар”-деди акимдин биринчи орун басары Ж.Исаков куттуктоо сөзүндө.
-Улуттар аралык мамилени чыңдоо, конфликттерди болтурбоо максатында алдын алуу боюнча бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жатат. Акыркы убактагы адам үрөйүн учурган районубуздагы окуяларга катыштыгы бар кылмышкерди изин суутпай кармагандыгы, милициялардын өз иштерин так аткарып жаткандыгын айгиленейт. Жалпысынан, көрүлгөн чаралардын негизинде районубузда коомдук-саясий абалдын туруктуулугун жана криминалдуу кырдаалды көзөмөлгө алууну камсыздоого мүмкүндүк берди.
Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 88 жылдык мааракесине карата Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн бир топ кызматкерлери райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Ар бир айыл округ башчылары өздөрүнүн участкалык милиция бөлүмүнүн кызматкерлерине баалуу белектерди тапшырышты. РИИБ тарабынан да аракетчен кызматкерлерге чиндер берилди.
Маданият кызматкерлери жана мектеп окуучулары тартип коргоочуларга концерттик программа тартуулашты.
Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы