МАЙРАМДАР

«БАЯМАНДЫН» ТУУЛГАН КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ЧОҢ САЛТАНАТ

Баямадын туулган күнү 1
17-март күнү маркум Баяман Эркинбаевдин туулган күнүнүн урматына Халмиондо чоң той өткөрүлдү. Эжеси Умсунай Эркинбаева, өмүрлүк жолдошу Чолпон Султанбековалардын жана жакын туугандарынын демилгеси менен уюштурулган бул салтанат ыр, бий жана спорттук оюндар менен коштолду. Адегенде, салтанатка келип, катышкан Кочкор-Ата, Ош шаарларынын мэриясынан, Жалал-Абад жана Баткен областтык жана Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынан келишкен жетекчилер «Баяман Эркинбаев» жөнүндө ода айтышып, кала берсе анын жасаган иштери даңазаланып, куран окулуп бата кылынды.

Баямадын туулган күнү 2
Халмион базары миңдеген адамга толуп, сахнага «Кыз Бурак» тобунун жана кыргыз журтчулугуна кеңири таанымал өнөрпоздордун концерти тартууланып жатты. Аны менен катар «Күрөш» жана «Волейбол» оюндары болуп өттү. Спорттук оюндарга, Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстандын түштүк аймагынан жүздөгөн балбандар жана волейболисттер катышты.
Күрөшкө алдыңкы орундарга «Мерседес-Бенц» автомашинасы, тай, ноопас, бөрү коюлган болсо, ал эми волейбол оюнунун байге фонду жүз миң сомду түздү. Мындан тышкары өсүп келе жаткан жаш спортчуларды колдоо максатында көптөгөн номинация боюнча кызыктыруучу сыйлыктар берилип жатты. Күрөштүн алдыңкы байгесин Лейлектиктер багындырып кетсе, Волейбол боюнча өткөн турнирде 1-орунду Кадамжай ички иштер бөлүмү ээлеп, 40 миң сом, 2-орунду Оштуктар багындырып, 30 миң сом, 3-орунду Кызыл-Кыялыктар алышып, 20 миң сом, 4-орунду Өзбекстандан келген волейболисттер ээлеп, 10 миң сом акчалай утуктарга ээ болушту.

«Эл жарчысы»

Жооп калтыруу

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы