28-декабрь күнү Кадамжайда «Ар бир үйгө жылуулук» деген ураандын астында акция болуп өттү.
Ага Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова жана Араб эмиратынын кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү келишти. Район аймагындагы 50 жакыр жашаган үй-бүлөлөргө 1 тоннадан көмүр берилди. Эл өкүлү Ч. Султанбекова 50 тонна көмүр менен гана чектелбестен, мындан арыда жардамдар болоорун айтып өттү.
Мындан тышкары Кадамжай шаарына курулган жаңы көпүрө жана аймактык оорукананын абалы, курулушу башталган оорукана менен таанышып чыгышты. Бул ооруканага Араб эмиратынын кайрымдуулук фонду жардам берип келет.
А.Абсаттаров, атайын кабарчы