ЭКОНОМИКА

Элди чатакташтырган суу көйгөйү (фото)

el_kdm_001Кыргызстан суусу менен дүйнөдө алдыңкы орунда турган менен таза сууга муктаж жарандарыбыз толтура. «Таза суу» долбоору ишке ашып, Дүйнөлүк жана Азия банкынын каржылоосу менен суу көйгөйүүлөрү өлкөбүздө бир аз чечилген эле. Бирок,таза суу чыгаруу максатында элден акча чогултуп, жооп да, таза сууда жок болгон айылдар көп.      Кадамжай районуна караштуу Көтөрмө айыл округунун Тамаша айылында 2 миң чамалуу эл жашайт. Сугат жана таза суу бул айылдын чоң көйгөйүнө айланган. Суунун артынан жергиликтүү жашоочулар ортосунда конфликтер  катталып турат. Союз маалында булак башынан алынып келинген таза суу айылдагы 86 жайга жеткирилип турган.  Убакыттын өтүшү менен суу түтүктөрү жарылганы жарылып,  көпчүлүк адамдар өз башынча  жашыруун түрдө сууну үйлөрүнө алып кирип алышкан. Учурда 10 жайдан(кранттан) гана таза суу чыгыт.

tamasha_suu_maselesiСүрөт автордуку

 -Бул маселени чечүүдө биринчиден уурулук жолу менен суу түтүкчөсү аркылуу үйлөрүнө алып кирип алгандарды токтоотуу керек. Ар бир үй-бүлөдөн бир канча жолу акча чогултушкан. Ал акчалардан кабар жок. Жергиликтүү жетекчилер эч болбосо ушул уурулукча суу алып киргендерди токтотуп берүү зарыл,-дейт Тамаша айылынын тургуну Кылычбек Курбанов.

Тамаша айылын таза суу менен камсыз кылуу үчүн бир канча проекттер жазылып, жооп алигече жок. Элден чогултулган акчалар банкта сакталуу экенин айыл башчысы Муса Темиров айтат.

Ал гана эмес сугат суусуна катарга турушуп, суу бир айга жакын убакытта келет. Бир айда 2 саат гана сугарылган эгиндер башка айылдарга салыштырмалуу түшүмдүүлүгү аз.

Жакында дагы бир үмүт менен долбоор каралууда. «Борбордук Азия суу боюнча Альянсы коомдук бирикмеси» ишке ашырган «Ичүүчү сууга айылдык аялдардын жана кыздардын саясий экономикалык мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү аркылуу алардын таза сууга  ролун жөнгө салуу боюнча» долбоор кирген. Көтөрмө айыл округунан 35 аялдан демилгелүү топ түзүлүп, окутулган.  Жергиликтүү тренер, «Адеми» демилгелүү тобунун жетекчиси Зияда Баатырованын айтымында, учурда Тамаша айылындагы эскилиги жеткен суу түтүкчөлөрү такталып, уурулук жолу менен үйлөрүнө суу алып киргендерди жөнгө салуу жагы каралууда.

 

Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы

 

Нравится

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы