Кызыл-Кыя шаары кылым кыйырынан бери эле ийри өндүрүшкө өзгөчө маани берип келгени айдан ачык. Акыркы үч-төрт жылдын ичинде, ийри өндүрүштүн солгундай түшкөнү көзгө түшө калып жатканын көрүп туруп айтпай коюуга мүмкүн эмес экендигине ынандым. Чү дегенде эле шаардын кире беришиндеги Бут кийим фабрикасы көзгө урунат. Ал жердеги фабриканын аты эле аталбаса, сырттан келген адам «Финка» компаниясы ушунча жерди ээлеп алганбы деген ойго түшөрү анык. Базар тараптан көрүнгөн жери «Финка» компаниясынын жарнамалык щити ээлеп, алды жагын болсо тосмо менен коргондоп алган. Фабриканын экинчи тарабы базарга айланып ичине кирсең, не бир түркүн бумдарга кез болосуң. Ал эми жогорку кабаттары аңгырап бош жатат. Андан-мындан көрүнгөн цех ичиндеги буюмдардын иретсиз чачылып жатканы, кароосуз калган фабриканын арманы катары туюлду.
Ишкананын жетекчилерин издеп, бир канча ирет барганыбызга карабай, алардын бирин да тапкан жокбуз. Базарга айланган тарап кум-куут дүйнөнү элестетет. Жол тар, кыш күнү экени экендигине карабай, ал жердин ак кар көк музунан басуу кыйын.
Мына ушундай эле ийри ишканалардын бири катары аталган «Тамеки заводдуна» баш бактык. Ал жерден күзөтчүлөрдөн башка адамды көрүүгө мүмкүн эмес. Жымжырттык ээлеп алган. Жумушчу аттууну көрүп болбойт. Заводдун директору Абдимиталип Жумабаев менен башкы бухгалтери Мойдунбек Ботоев экөө зарыл иш менен барган экен ат үстүндө маектештик.
-Завод учурда эч кандай жумуш аткарган жок-деп сөзүн баштады директор А. Жумабаев,-бирок 100 пайыз иш аткарууга даяр. Ишканадагы жабдыктардын баарысы оң абалда. Эгер тамеки ферментациялоо болсо, бүгүн да иш кылууга болот. Бирок сырье жок. Бул көрүнүш 2 жылдан ашык убакыттан бери кайталанып келүүдө. Азыр 22 жумушчуну кармап турабыз. Андан сырткары күзөтчүлөр бар. Алар эки мөөнөт менен иштешет. Аларга айлык акы төлөө маселеси оор бойдон калууда.
-Ишкананын нугун башка тарапка бурса болбойбу?
-Бул биз тараптан чечилбейт. Анткен, завод «Кыргызтамекиси» ААК тийешелүү. Алар акциянын 70 пайызына ээ. 20.4 пайызы мамлекеттики, 9.6 пайызы элдики. Бирок ошого карабай быйыл концерваланган товарларды чыгарууга бел байлап жатабыз.
-Агропласт ишканасы бар эмеспи?
-Азырынча башка жол таба албадык. Шарттыбыз ошого ыйгайлуу экен.
Ишкананын жетекчисинин сөзүнөн улам, учурда социалдык төлөмдөр, иштин көлөмү болбогондуктан өз учурунда төлөнбөй жаткандыгын байкадык. Акыркы кезде Түрктөр алып келген жабдыктын арендасы менен карызды жаап, 22 жумушчунун айлыгын айрым жерлерди сатып төлөөгө жумшаарын билдик.
Ийри ишкананын абалы ушул болсо, майда ишканаларга сөз жок эмеспи.
Кезегинде күркүрөп иштеп турган «Нур-КМ» ишканасы кандай абалда экен деген ойдо, анын короосуна баш бактык. Эшик тоскон кароолчу, «-эч ким жок»-деп эшигинен ичкери киргизбеди. Заводдун абалы туурасында сүйлөшөлү десек, жетекчилери жоктугун айтып эч нерсе айталбасына ынандырды. Болгону учурда завод иштебей тургандыгын, жумушчулардын жоктугун билдик. Анда да сырье жок экен. Учурунда кыш чыгарып, Өзбекстанга топурак сатып күн көргөн завод бүгүнкү күндө жеке ишкерлердин ишмердүүлүгүнөн, ишин токтотууга мужбур болуптур.
Жогорудагы ишканалардын абалын көргөн соң, шаардагы ийри ишканаларды андан ары кыдыруунун зарылчылыгын жок экендигин байкадык. Негизгиси шаарды дүңгүрөтүп турган ийри ишканалардын абалы төмөн түшүп, алар базар шартына ыңгайлаша албай, ыңгайлашкан күндө да жогорку жактагы «көрсөтмө берүүчүлөрдүн» айтканынан чыга албай, же жергиликтүү бюджеттин бир четин көтөр албай «азылып турган абага» окшош экендигин жашырганда болбостур.
Ийри ишканаларди «киттер» башкарып, алардын жашоосуна түздөн-түз таасир көрсөтүп тургандыктан, бүгүнкү учурда Кызыл-Кыя шаарындагы өндүрүштүн абалы ойдогудай болбой, оң капталы оюлуп «оңурайган» кирешелердин оозу бекилип турган учур.
Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити