Бүгүнкү күндө кылкандуу дан эгиндерин жыйып алуу иштери кызуу жүрүп жатат. Марказ айыл аймагында быйылкы жылы 280 гектар күздүк сугат буудай, 280 гектар жерге жазгы кайрак буудай себилген. Суулуу жердеги 280 гектар жер аянтындагы буудай бышып, орулуп бүтүп олтурат. Буудайдын түшүмдүүлүгү 31 центрнерди түздү. Ал эми кайрак жердеги буудай август айында бышып жетилет.
Буудайды жыйып алууда 2 комбайн тынбай иштеп турду. Эми жыйылып алынган 280 гектар жер буудайдын ордуна, сабиз, бадыраң, лоя, тоют үчүн жүгөрү эгилет.
Шерикбек Абдуллаев,
Марказ айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары