Азыркы учурда заман өзгөрүп, илим менен техниканын жетишкендиктерине көз салууга үлгүрбөй жатабыз. Кечээ эле түшүбүзгө кирбеген уюлдук телефондор менен ноутбуктар ар бир үй-бүлөдөгү көнүмүш буюмдарга айланды. Ал эми үйдөгү автоматташтырылган нан бышыруучу, идиш-аяк жана кир-кок жууп өзү үтүктөөчү заттарды айтпай-ак коёлу.
Автомашиналардын түркүн түмөнү, аларды жабдуулары чыгып жатыры. Бирок ушундай учкул доордо адамзат өз колу менен кат жазып, посылка жөнөткөнгө не жетсин. Тармакта туура 30 жылдык эмгек стажы бар Гыламидин Бөжөев жетектеген «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын Кадамжай райондук бөлүмү 2012-жылды ийгиликтүү жыйынтыктады. Жалпысынан 12866 миң сомдук тарифтик киреше алынып жылдык тапшырма 115 пайызга аткарылды. Бул дубандагы гана эмес, республикадагы жогорку көрсөткүчтөрдүн бири. Мурдакы жылга караганда тарифтик киреше 640 миң сомго өстү. Бөлүм жайгашкан имарат капиталдык ремонттон өткөрүлүп, керектүү компьютерлер алынып келди.
—Биздин негизги милдеттерибиздин бири карыяларга пенсияларды, майыптарга пособиелерди өз убагында жеткирип берүү, — дейт Гыламидин Абдраимович, — 75,4 млн сомдук пенсия жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана жаштайынан майыптардын жөлөк пулдары кечиктирилбей төлөнүп жылды мыкты жыйынтыктадык.
Албетте, жаңы жылда дагы бир топ милдеттер алдыда турат. Аябай өнүккөн атаандаштыктын шартында кат-кабарларды, гезит-журналдарды кечиктирбей жөнөтүп, карыялар менен майыптардын алкышын алуу жеңил эмес. Бул милдетти аткарууга кадамжайлык ынтымактуу байланышчылардын кудурети, деми жана аракети толук жетет деп ойлойбуз.
Адылжан Жажанов, атайын кабарчы