Кадамжайдын Орозбеков айылында элдин нааразычылыгы күчөп жол тосконго чейин барышкан. Анын себеби Ош облусундагы Араван “Даннур Юг” цемент заводу менен Кызыл-Кыя шаарындагы “Түштүк кыргыз цемент” заводу цементке кошулуучу сырьего өтө төмөн салык төлөгөндүктөн Орозбеков айылынын эли адилетсиз төлөмдөргө нараазы.
Аталган цемент заводдор Орозбеков айыл округуна караштуу “Надир Кен” участкасынан цементке кошулуучу таш ташышат.
-Араван цемент заводу 2007-жылдын 3-июлунан 2012-жылга чейин 1250 (бир миң эки жүз элүү) сомдон, Кызыл-Кыя цемент заводу болсо 2007-жылдын 3-июлдан бери ошол эле нарк менен төлөп, 2011-жылдын 1-мартынан баштап,айыл өкмөтүнүн жаңы келишиминин негизинде айына 4166 сом төлөшүүдө. Бүгүнкү күндө жөнөкөй таштын бир машинасынын баасы 2500-3000 сом болуп жатат. Элди шылдың кылгандай аз акы төлөп, таштарыбызды алып чыгып кетип жатат-дейт жергиликтүү айылдык кеңештин депутаты Абдинаби Назарбаев.
Ташылган таштарды иликтөөгө алган Орозбеков айылдык Кеңештин депуттарынын маалыматы боюнча, “Надир Кен” участкасынан ташылган таштын химиялык составында гематит жана магнетит бар. Гематит 53,48% , магнетит 58,38% чейин курамын түзөт.
Гематиттен эмнелер жасалат? Автоунаага керектелүүчү боёктор, калемдин боёктору, суунун астында тоңо турган цементке кошулуучу химиялык заттар бар. Элдин байлыгы элге иштеши керек деген тыянак менен Орозбеков айылынын тургундары тийиштүү жерлерге чейин кайрылышып олтурат.
Кызыл-Кыя цемент заводунун жетекчилигинин бизге берген маалыматына кайрылсак, 2012-жылы жер кен байлыктарын иштетүү боюнча 39742650 (отуз тогуз миллион жети жүз кырк эки миң алты жүз элүү) сом мамлекетке төлөптүр.
Кызыл-Кыя цемент заводу күнүнө 3000-3300 тонна цемент өндүрөт. Аны акчага айландырганда 5 сом 40 тыйындан сатылганда 16 млн 200 сом болот. Өндүрүлгөн цементтин кеткен чыгымы 2 сом 50 тыйын, 3 сомго чейин түзөт. 16 млн. сомдун жарымы чыгымга кетсе бир күндө 8 миллион сом пайда көрүүдө.
Орозбеков айыл өкмөтүнө миң сом тегерегинде салык төлөшүп тонналаган таштарды ташып кетишүүдө. Жогорку Кеңешке, Өкмөткө чейин кайрылган эл дагы деле канааттандырарлык жооп алыша элек.
Кадамжай районунун акими Акрам Мадумаров бул маселе боюнча, башкача айтканда төлөнбөгөн салыктарды иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн билдирип, мыйзам боюнча түшө турган миллиондогон сом салыктарды төлөтүү жолун билбеген айыл өкмөт башчысынын катачылыгы деп эсептейт.
«Эл жарчысы»