КООМ

АЛГАЛЫК АЖЫ АТА

Алгалык ажы ата
Алгалык ажы ата, Турдубаев Сулайман, биринчи ажыга баруу оюн, өлгөндөрдү, кайтпай калган баатырларды эскерүү үчүн өзгөрттү.
Бул баатырлар-Улуу Ата Мекендик согушта кайтпай калгандар, курман болгондор, баатырларча кайтып келгендер. Аларды ар ким эле эскере бербегенин, кийинки муундарга белгисиз болуп баратканын сезген Сулайман ата атайын эстелик тургузууну чечкен. Өз чөнтөгүнөн ажылыкка барам деп топтогон акчасына баатырлардын рухун сүйүнтүргөн. Сулайман атанын ажылыгы кабыл болсун. Ислам дининде пайгамбарыбыз айткан экен. “Эгер кыйналганга, өлгөндөргө сарпталса да ажылык зыяраты кабыл болот” деп. Жоомарттыкта бейиштин ачкычы бар, демекчи, бейиш үчүн жол ачылгандыр, Сизге Сулайман ата! Мусулманчылык парздын ыйыктыгы.
Ачылган эстелик, Сулайман атанын жоомарттыгы, патриоттуулугу, мекендештерине болгон урматы жогору бааланып, атайын документалдык кино да тартылган.
Сулайман ата ажылык парзын аткарды жана бейиштин ачкычын да тапты.

Арыкова Рахима,
Алга айылы, М.Горький атындагы мектептин кыргыз тили мугалими

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы