КООМ

Бакыттын кучагына бөлөнгөн жылуу уя бул – үй

тешебаева назгул
Адам баласы жаралгандан баштап, кайра дүйнөдөн көзү өткөнчө, же болбосо жарык дүйнө көрүп жашаганы бул өзүнчө бакыт деп эсептеймин. Анткени, эң алгач бөбөк төрөлгөндөн баштап, ата-эне чексиз кубанычтын кучагына бөлөнүп, жүзү жылмаюга жык толот. Мына ошол убактан баланын бактылуу балалыгы башталат.
Жаңы үй бүлө куруп, бала-бакыралуу болуу, үй бүлөнүн туруктуулугун бекемдөө, артынан туяк калтыруу, ата-эне болуу максатын көздөө – бул ар бир пенденин ниети катары мыйзам ченемдүү көрүнүш.
«Жаштар биздин келечегибиз, эртеңибиз»-деген менен бүгүнкү күндөгү жаштарыбыздын тагдыры өкүнтпөй койбойт. Буга байланыштуу түрдүү окуяларды айтып олтурсак түгөнбөйт. Ата-энеси тирүү туруп, бирок томолой жетим жүргөн балдар канча. Ата-энелердин араккечтигинен улам, ата-энелик укугунан ажыратылып, канчалаган бөбөктөр балдар үйлөрүндө, мектеп интернаттарында калып атат. Кала берсе көчө балдарына айланып, базар-учарда, көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөлөрүндө жашап, күн өткөрүп жаткандары да толтура. Ушундай тагдыры тайкы уул-кыздарыбыздан келечекте кандай адамдарды күтсө болот? Албетте, ата-эненин мээримин, тарбиясын көрбөгөн баладан келечекте акча үчүн ар кандай кылмышка барган, кылмышкер болуп чыгуусу гана күтүлөт. Мындан тышкары бүгүнкү күндөгү жарандарыбыздын акча табуу үчүн чет-жакаларга кеткени, балдары кары-картаң ата-энесинде же тууганында калганы да жакшы көрүнүш эмес. Анткени, балага бул жерде толук кандуу тарбия берилбейт деп ойлоймун. Ушундай эненин мээрими жетишпей өскөн уул же кыз, чоңойгондо ата-энеге да мээрими жок болушу ушундан. Бүгүнкү күндө ата-энесин карылар үйүнө алпарып салган, жаштарыбыз жок дегенден да алысмын.
Тагдыр, турмуш деген сөз бекеринен айтылган эмес. Себеби, бул саналуу тамгадан куралган сөз ичинде көптөгөн маани-маңыз жатат. Турмушум болбоду, тагдырым тайкы экен деп бешенени күнөөлөбөй, туруктуу үй бүлө күтсөк жакшы болмок.
«Дүйнө бирөөгө кор, бирөөгө зар» дегендей, бала көрбөй, наристенин жытын эңсеп, бал тилин уккусу келген үй бүлөлөр, жаш жубайлар бар. Кароосуз калган балдарды карап олтуруп, ушундай балага зар үй бүлөлөрдү көрүп туруп, Кудайым теңдештирип берсе кандай жакшы болмок деген да ой келет.
Бөбөгүн бапестеп багып, кыз болсо, алтын иймек салып, уул болсо, ак атка мингизип, ата-энелик милдетин татыктуу аткарып, бакыттын кучагына бөлөнгөн жылуу уя бул – үй. Келечек муундарыбыздын эртеңин ойлоп, бактылуу балалыгын аларга ыраа көрүп, жалаң жакшы жактарыбыз менен гана аларга үлгү болсок, алар да биздин жол менен жашашат. Элибиздеги «уядан эмнени көрсө, учканда ошону көрөт» деген накыл кепти жадыбыздан чыгарбасак.

Назгүл Тешебаева,
Кара-Жыгач айылы

 

Нравится

[poll id=”1″]

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы