КООМ

Баткенде Сох анклавынан азап тарткандар митингге чыкты

el_kdm_001
Өзбекстандын Сох анклавынан ары жайгашкан Баткендин Бөжөй айылынын тургундары бүгүн облустук администрациянын алдына митингге чыгып, облус борбору менен түз байланыштыруучу жол маселесин чечип берүүнү талап кылышты. Аларды өкмөттүн облустагы өкүлү Жеңиш Раззаков кабыл алып, жолго каражат бөлүнгөнүн, бирок ага азырынча бюджетте акча жок экенин айтты. Бул тууралуу Бөжөй айылынын башчысы Садык Акматов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, айылдын тургундары Өзбекстандын Сох анклавы аркылуу өтүүчү жолдон тышкары Бөжөй – Бел – Кадамжай айланма жолун куруп берүү өтүнүчү менен эки жыл мурда бийликке кайрылышкан. Ага ылайык 14 чакырым жолдун долбоору чийилип, мамлекет тарабынан 60 млн. сом бөлүндү деп айтылган, 2012-жылдын экинчи кварталында башталат деп айтылганы менен курулуш иши башталган эмес.
Бөжөй айылы Баткен шаарынан 80 чакырым аралыкта туруп, 154 кожолук жашайт. Айыл Кыргызстандын башка аймактары менен Өзбекстандын Сох анклавы аркылуу гана байланышат, уюлдук байланыш тартпайт.
6-ноябрь күнү өзбек чек арачылары жолду жаап коюп, ары-бери өткөндөр түн оогончо жолдо калышкан.

Азаттык Үналгысы – Azattyk.org

Жооп калтыруу

«Жогоруга кайтуу» баскычы