КООПСУЗДУК

Аймагыбыздагы диний кырдаалды жөнгө салабыз

el_kdm_001
Ушул жылдын 12-апрелинде Баткен ОИИБнын Кадамжай, Кызыл-Кыя ШИИБнүн жана УКМКнын районубуздагы кызматкерлери тарабынан Кызыл-Кыя жана Үч-Коргондо «Хизбут-Тахрир» экстремисттик уюмдун 10 мүчөсү кармалды. Алардын үйүн тинтүү учурунда төмөнкү буюмдар далил катары табылган.
1. “Хизбут-Тахрир” экстремисттик агымынын идеяларынын камтыган 253 даана-китептер.
2. 177 даана-баракчалар
3. 146 даана-DVD жана аудио дисктер
4. 29 даана колдо жазылган дептерлер
5. 3 даана 8гб флешкалар
6. 1 даана модем
7. 1 даана кара түстөгү желекче
8. диний газета
9. 1 даана блокнот
10. 2 даана журналдар.
Катталган фактылар боюнча кылмыш иштери козголуп, 3 аял шектүү деп УКЖ га кармалды. Калган фактылар боюнча соттук теологиялык экспертизанын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет.
Болуп жаткан окуялар коомчулукта ар кандай пикир жаратып жатат.
Элибиз чагымчылдыкка алдырбай, сабырдуулук менен оң жолго кирип, мындай диний агымдарга баш ийбей, туура нук менен кетээрине ишенебиз.

Р.Омошов,
Кадамжай РИИБнүн 10 тобунун ага опер өкүлү, милициянын ага лейтенанты

Жооп калтыруу

«Жогоруга кайтуу» баскычы