КООПСУЗДУК

Хизбут Тахрирдин лидери кармалды

el_kdm_001
Кадамжай районунундагы көп улуттар жашаган Үч-Коргон айыл округунда диний абал кооптуу. Алдыңкы сандарыбызда дал ушул айыл округунан Хиз бут-Тахрир экстремисттик уюмунун 10 мүчөсү кармалганын маалымдаган элек. Алардын үйлөрүн тинтүү учурунда бир канча үгүтөөчү гезит-журнал, буюмдар далил буюм катары табылган. Арадан көп өтпөй ушул уюмдун мүчөсү, тажик улутундагы И.З. аттуу аял кармалды.
Кадамжай РИИБнин 10-тобунун опер өкүлү Руслан Омошовдун айтымында, кармалган аялдын Хизбут-Тахрир уюмуна чакырыктар жасагандыгы далилденип, уюмдун лидерлеринин бири экендиги аныкталган. 4-июль күнү РИИБнүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы

 

Нравится

[poll id=”5″]

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы