Кадамжай районунун аймагындагы мектептерде өспүрүмдөр арасында суициддин алдын алуу, кылмыштуулукту болтурбоо максатында ачык эшиктер өткөрүлүүдө. Бул иш чараларда прокуратура кызматкерлери, мечит имамдары, айыл активдери түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.
Бул тууралуу Кадамжай РИИБнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын башчысы Бактыяр Жалалов билдирди.
Белгилей кетсек, 2013-жылы Кадамжай районунда 3 өспүрүм өз өмүрүнө кол салышкан.
Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы