ЭКОНОМИКА

ӨНӨР ЖАЙДЫН АБАЛЫ КАНДАЙ?

el_kdm_001Жыл сайын Кадамжай районунун ички регионалдык продукциясынын дүң жыйымынын 30 пайызын өнөр жай ишканалары тарабынан өндүрүлгөн продукциялар түзүп келүүдө. Аталган райондо өнөр жай ишканалары катары 4 ишкана өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жатат. Алар Кадамжай сурма, Айдаркен сымап комбинаттары жана Баткен газ чарба, Кан өнөр жай ишканалары.
Баткен газ чарбасынын ишмердүүлүгү Өзбекстандан алынган газдын өлчөмүнөн көз каранды. Ал эми Кан өнөр жай ишканасы иш жүзүндө 2006-жылдан бери токтоп турган ишканалардын катарына кирет. Анын токтоп турушунун негизги себеби, ички айланма каражаттардын жоктугу, 90 пайыз тетиктердин станоктордун эскилиги. Бул жайды ишке киргизүү багында райондук жетекчилик тараптан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кредиттик ссуда сурап, бир канча жолу кайрылуу жасалган. Бирок, республикалык бюджеттин тартыштыгынан улам бул маселе колго алынбай келүүдө.
Ал эми Кадамжай сурма, Айдаркен сымап комбинаттары стабилдүү иштеп келе жатат.

«Эл жарчысы»

 

Нравится

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы