Кезектеги коллегиялык жыйынга райондогу мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл округ башчылары катышышты.Коллегиялык жыйынды райондун акиминин орун басары Ж.М.Исаков ачып, күн тартибиндеги маселелер менен тааныштырды.
Кеңешмеде 2012-жылдын 3-кварталындагы районубуздун социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана каралган иш-чаралардын аткарылышы менен жайыт комитеттеринин аткарган иштери жөнүндө сөз болуп, Кыргыз Республикасынын ушул жылдын 1-февралындагы №24 “Кыргыз Республикасынын коомдук коопсуздукту чыңдоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндөгү маселелер талкууланды.
Аталган маселелер боюнча баяндамалар окулуп,суроолор берилип, сын-пикирлер айтылды. Азыркы күндө районубуздун социалдык-экономикалык өнүгүүсү орто. Кадамжай сурма комбинаты, жылдын аягына чейин 1200 тонна сурьма өндүрөбүз деп сөз берген. Бирок каражаттын жетишсиздигинен 699тонна сурьма өндүрүшкөн. Жылдын аягына чейин планды аткарууга аракет кылышаарын билдирди. Ал эми Айдеркен сымап комбинаты план боюнча 110тонна сымап чыгарышаарына ишенишет. Азыр бул ишкананын жетишкен ийгиликтери жакшы.Ошондой эле Жаныбек Маматович Бүргөндүдөгү вино завод менен Кандагы мебель фабрикасынын иштебей жатканын баса белгиледи. Андан тышкары аткарылган иш-чаралар жөнүндө сөз болуп, Майдан айыл округуна ГЭС, Кыргыз-Кыштакка спорт зал, Кайтмас айылына балдар бакчасын куруу пландары акча жоктугуна байланыштуу аткарылган эмес.
Андан кийин РЭСтин начальниги Жыргал Топчубаев кышка даярдык тууралуу баяндама берип, катышуучулардан суроолор берилип, сын-пикирлер айтылды. РЭСтин жетекчисинин айтымында, элдин көпчүлүгү кышта электрдик мештерди колдонгондуктан, аталган ишканада проблема көп. Тактап айтканда, РЭСтин кампасында ашыкча трансформатор жок. Ошондуктан кышта свет өчпөйт деп айтуу кыйын. Бирок башка электро каражаттар жетиштүү.
Жайыттар бүгүнкү күндөгү эң актууалдуу маселе. Анткени элдин көпчүлүгү мал менен жайлоого чыгышып, тиричилик кылышат. Ошондуктан районубузда 13 жайыт комитеттери иштеп жатат. Райондун 35 пайызын жайыттар түзөт. Башкача айтканда 18635 гектар жайыт жерлер. Аталган комитеттер жайлоолордогу жолдорду, көпүрөөлүрдү оңдошуп, салык жыйноо иштерин да колго алышкан. Салык жыйноо жагынан Майдан айыл округундагы жайыт комитетинин иши начар экендиги белгиленди.
Эл жарчысы