ЭКОНОМИКА

Кадамжай районунун жашоочулары электр энергияга 36,6 млн.сом карыз

el_kdm_001Кадамжай районунун жашоочулары электр энергиясына 36,6 млн. сом карыз. Район аймагындагы мекеме-ишканалар кошулганда 83 млн. сом карызга баткан.
Бул тууралуу 26-октябрда өткөн коллегияда маалым болгон.
КРнын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков бул маселени 1-декабрга чейин бир жактуу чечүүнү Кадамжай районунун акими Акрам Мадумаровго тапшырган.
Белгилей кетсек, Кадамжай сурма комбинаты электр энергияга 37 млн. сомдон ашык карыз экени маалым болгон эле.

А.Абсаттаров, атайын кабарчы

 

Нравится

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы