СПОРТ

Нуриза Оторбева «Мага баарынан жараткандын өкүмү биринчи орунда турат»

Нуриза Оторбева
Жыл сайын жоолук салынган окуучу кыздарга бир канча кысымдар болуп келет. Коомчулук арасында да ар кандай пикирлер айтылып жүрөт. Бирок Ислам динин бекем карманган үй-бүлөнүн кыздары «жоолугуңарды чечкиле» деген талап болсо да, сыноо катары көрүшүп, жоолуктарын алып салышпайт.
Жоолук салынып, өлкөбүздүн намысын коргоп жүргөн шахматчы Нуриза Оторбаеванын айтымында жоолукчан кыздарга жаман көз карашта караганга болбойт. Жоолук салынган кыз азгырык нерселерден алыс болуп, өзүнүн намысын бекем сактай алат.
Нуризага «сизге да жоолукчан оюндарга катышпа деген талап болсо эмне кылаар элеңиз» – деген суроо менен кайрылсак, ал төмөнкүдөй жооп берди:
«Мага баарынан жараткандын өкүмү биринчи орунда турат. Жоолукту эч качан чечпейм. Эгер дүйнөлүк чемпионата, финал да ушундай талап болгондо мен оюнду таштап, жоолукту тандамакмын».
Эскерте кетсек Нуриза Оторбаева КР дин шахмат боюнча спорт чебери. 10 жылдан бери шахмат ойноп өлкөбүздүн намысын коргоп келет. Кыргызстандын бир канча чемпиону. 2010-жылы (Анкарада)Түрк тилдүү мамлекеттер арасында коло байгеге ээ болгон.

Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы