СПОРТ

Эл аралык турнир өттү (фото)

el_kdm_00129-сентябрь күнү А.Масалиев атындагы айыл өкмөтүнүн Алыш айылынын Козубай орто мектебинде Кыргыз Республикасынын Баатыры, мамлекеттик жана коомдук ишмер А.Масалиевдин 80 жылдыгына карата арналган «Алыш» эл аралык турнири болуп өттү. Турнирге Өзбекстан, Тажикстан Республикаларынан жана Кыргызстандын Нарын, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен областынан келген жоон билектүү балбандары катышты.

Ошондой эле районубуздун бардык аймактарынын аксакалдары чакырылып,  келген конокторго сый-тамактар берилип жатты.

Турнирге коюлат

Турнирди ачуу үчүн районубуздун акими А.Мадумаров сүйлөп, элибиздин башын бириктирген, ынтымакка чакырган ушундай турнирлер көп болушун каалоо менен бүгүнкү турнирдин катышуучуларына ийгилик  каалады. Андан «Алыш» федерациясынын президенти М.Осмонов, И.Масалиевдер сөз сүйлөп, элге тынчтык, спортсмендерге ийгилик каалашты. Турнирдин алдынан маркум А.Масалиевдин арбагына багышталып, куран окулуп, бата кылынды.

Турнирди өткөрүү үчүн Бишкектен атайын жогорку категориядагы тажрыйбалуу Ж.Акиев баштаган калыстар тобу келген. Алар менен Тажик Республикасынан келген Ш.Закиров да калыстык кылды. Бардык турнирдин катышуу-чулары каттоодон өтүшүп, көпчүлүк  күткөн күрөш да башталды. Турнир негизинен үч салмак категориясы боюнча башкача айтканда, 70кг салмака чейин, 90кг салмака чейинки жана 90 кг дан ашык салмактуулар боюнча жүрдү. Турнирди көрүп турган эл, балбандарды колдоп, кыйкырып, «чап, жык», деген сүрөөндөр менен кызыктуу жүрүп жатты. Күчтүүлөрү суурулуп алдына чыгып келишти.

Турнир женуучулор                                                                      фото «Эл жарчысы»

Жыйынтыгында ар бир салмак категориясы боюнча  I, II, III орундар табылды. Биринчи орун үчүн медалдары менен бирге 20 миң сом акча, экинчи орунга 10 миң сом, эки үчүнчү орунга 5 миң сомдон ыйгарылды. Оор салмактагылардан Тажик Республикасынан келген балбан М.Миров экинчи орунду, Жалал-Абаддык балбан Ч.Аканов биринчи орунду ээледи.

Ал эми абсалюттук күрөштө, (мында салмагы эсептелбейт) балбандардын күчтүүлөрү алдына чыгып, финалга келип жетип, биринчи орунга Жалал-Абаддык балбан Чыңгыз Аканов жетишип, 100 миң сом жана чоң телевизорго ээ болду. Ал эми экинчи орунга Ноокаттык балбан жетип, 50 миң сом жана телевизор, үчүнчү орунду Кадамжайлык балбаныбыз утуп, 30 миң сом жана кир жуугуч машина байгелерине ээ болушту.

Бул турнирдин өтүүсү А.Масалиевдин фонду тарабынан каржыланды. Эми мындан ары бул турнир жыл сайын өтөөрүн М.Осмонов билдирип, эмки жылы Ошто же Бишкекте болорун айтты. Келген коноктор жана күрөш ышкыбоздору көңүлдүү үйлөрүнө тарашты.

 

«Эл жарчысы»

 

Нравится

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы