СПОРТ

Ахмат балбан багынтты

alysh
Кыргызстандын намысына жарап, желегибизди дүйнөлүк чемпионаттарда желбиреткен жердештерибиздин саны дагы бирге көбөйдү. Тайландта өткөн күрөш (пляжный борьба ) боюнча дүйнөлүк чемпионатта Кадамжайдын кулуну Сабыржан уулу Ахматжан экинчи орунду ээлеп, күмүш менен кайтты.
Сабыржан уулу Ахматжан Эл аралык класстагы спорт чебери. 1990-жылдын 2-февралында Алга айыл округунда туулган. Окуучулук күндөрүнөн тарта күрөш менен машыгып жүргөн. Борбор калаага барып машыгууну уланткан Ахмат чоң спортко аралаша баштайт.
Алгач 2008-жылда Кыргызстан чемпионатына ат салышып, 3-орунду ээлеген.
Ошондо өзүнүн жөндөмүн сезген жердешибиз, тынымсыз машыгуу менен Кыргызстандын бир канча чемпиону болгон. Күрөштүн бел боо түрү боюнча Кыргызстанда 1-орунду алган. 2010-жылы Астанада өткөн дүйнө чемпионатында 2-орунду ээлеген. 2011-жылда Башкарстан өлкөсүндө,Эл аралык турнирде 3-орунду ээлеген.
Быйылкы жылдын сентябрь айында Тайландта өткөн Дүйнөлүк чемпионатта (пляжный борьба)90 кг салмакта 2-орунду багынтты. Ахматтын бул жетишкендиги Кадамжайга эле эмес, өлкөбүздүн сыймыгы.
Эскерте кетсек жакында эле Санкт-Петербургда өткөн Тайбокс боюнча Дүйнөлүк чемпионата Кадамжайдын уулу Алтынбек Бактыбаев 3-орунду алып келген болчу.

Акматбек Асанов, атайын кабарчы

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы