Кыргыздын намысын коргоп, желегибизди дүйнөнүн төрт бурчунда желбиретип жүргөн жердешибиз Алтынбек Бактыбаев дагы бир жолу өлкөбүздүн намысына жарады. Атап айтсак 6-сентябрдан 14-сентябрга чейин Россиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн тайбокс боюнча дүйнөлүк чемпионатта 3-орунду ээлеп коло байгеге ээ болду.
КРдин кикбокс жана тайбокс боюнча спорт чебери, Эл аралык класстагы спорт чебери Алтынбек Бактыбаев 1982-жылы 19-июлда Көтөрмө айыл округунун Кызыл-Булак айылында туулган. Бардык нерсе аракетине жана ниетине жараша болот дегендей, Алтынбек жаштайынан капка кум салып алып, ургулап, алдына бекем максат койгон.
Алгач Бишкектеги атактуу мушкерлерди тарбиялап чыгарган Александр Воинов жетектеген спорт мектебине кирген.
1999-жылы Кыргызстан чемпионатыгына катышып, 3-орунду ээлеп, чоң спортогу тушоосун кескен. Ошонон тарта 2000-2012-жылдар ичинде спорттун Кикбокс, тайбокс, Муайтай, К1 түрлөрү боюнча таймаштарды өткөрүп келет. 2001-2004 жылдары Казакстандын 4 жолку чемпиону, Кыргызстандын 14 жолку чемпиону, Азиянын 3 жолку, Орто азиянын 4 жолку чемпиону.
Алтынбекти ушул даражага жетишине себебчи болгон машыктыруучусу Маралбек Давлеткулов тарбиялаган. Дүйнөнүн 38 мамлекеттеринде таймаш өткөргөн жердешибиз, дүйнөлүк чемпионаттарда өлкөбүздүн намысын коргогон. Былтыркы жылы Ташкентте өткөн дүйнөлүк чемпионатта 2-орунду ээлеп, дүйнөнүн вице-чемпиону болгон.
Жетишкендиктерин спортчу «Адам кылганын адам кыла алат» деген принцибти бекем карманат.
А.Бактыбаев жалпысынан 51 кг салмакта 214 таймашка катышып, 196 жолу жеңишке жетишкен. Анын ичинен 53 жолу накаут менен жеңген. Буга чейинки бардык мелдештерге өз каражаты менен барып жүргөн. Спортчунун куржунунда 52 алтын, 5 күмүш, 3 коло медалдары бар.
Быйылкы дүйнөлүк чемпионатка баруусуна жакындан жардам берген районубуз акими А. Акимовго, Көтөрмө айыл округунун башчысы М. Токторов жана бир туугандарына терең ыраазычылык билдирет.
Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы