СПОРТ

Ушу-саньшоу боюнча мелдеш жыйынтыкталды

el_kdm_00119-20-октябрь күндөрү Баткендин Кадамжай шаарында жаш өспүрүмдөр арасында Ушу-Саньшоу (Саньда) боюнча КРнын ачык чемпионаты болуп өттү.
Өлкө аймагынан жалпы 250 спортчу катышып, 12-жаштан 18 жашка чейинки спорчулар таймашышты.
Баткен облусундагы «Илбирс» спорт клубунун машыктыруучусу Гламов Бекболоттун айтымында, биринчи орунду багындырган 25 категория салмактагы, 25 жеңүүчү спортчулар спорт чеберчилигине талапкер болушту. Жеңүүчүлөргө Ушу Федерациясы тарабынан диплом, медалдар тапшырылды.
Бул мелдештен өтүшүнө Кадамжай райондук администрациясы жана Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова демөөрчүлүк кылган.
Баткен облусунун Кадамжай районунун биринчи орунду ээлеген спортчулар:
Эркин уулу Нурмамат 44 кг.
Урайимов Нурбек 56 кг.
Азизбек уулу Залкарбек 38 кг.
Бакыт уулу жигит 70 кг.
Нуралиев Замир 52 кг

А.Абсаттаров, атайын кабарчы

 

Нравится

Жооп калтыруу

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы