СПОРТ

Алгалык балбандар алдыда

Алгалык балбандар алдыда
23-февраль Мекен сакчыларынын күнүнүн урматына Улуттук күрөш боюнча ачык турнир болуп өттү. Турнир Кадамжай району боюнча мектеп окуучулары арасында болду. 
Райондук дене-тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы А. Шакировдун айтымында, окуучулардын ынтымагы, спортко болгон кызыгууларын арттыруу, спорт менен такай машыгууларына көмөк көрсөтүү максатында байма-бай өткөрүлүп турат.
Бул турнирде окуучулардын күрөшкө болгон кызыгуулары көрүнүп турду. Айрыкча Алга айыл округундагы Горький орто мектебинин балбандары эң кызык оюн көргөзө алышты.
Башкы калыстык кылган Абдиназаров Тойчубайдын берген маалыматы боюнча, мелдештин жыйынтыгы менен биринчи орунду ээлегендер:
43 кг салмак боюнча Эркин уулу Н. – Горький орто мектеби.
46 кг Бекжан уулу А – Горький орто мектеби.
49 кг салмакта Абдыкайымов К. – Айтматов орто мектеби.
52 кг салмакта Нуруллаев З. – Айтматов орто мектеби.
55 кг салмакта Таалаев. Н. – Горький орто мектеби.
58 кг Кадыров. Н. – Жошук орто мектеби.
61 кг камилжан уулу Т. – Горький орто мектеби.
64 кг Абдыкайымов. К. – Айтматов орто мектеби.
67 кг Ганыжан уулу А. – Жошук орто мектеби.
70 кг Бакиров. Т, – Горький орто мектеби.
74 кг Сабыржан уулу Б. – Горький орто мектеби.
77 кг Туйгунов. Б. – Горький орто мектеби.

Жалпы тайпалык орундар:
1-орун Горький орто мектеби.
2-орун Айтматов орто мектеби.
3-орун Жошук орто мектеби.
Байгелүү орунду багындыргандар Райондук билим берүү бөлүмү тарабынан диплом менен сыйланышты.

Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы