МЕЗГИЛ, ИНСАН, ОКУЯ

Хамза Хакимзаде Ниязи кыргызбы?

el_kdm_001
«Кыргыз Туусу» газетасынын 2012-жылдын 25-сентябрындагы санына жазуучу Мурзапар Үсөндүн «Тарыхты так жазгыла, тарыхчылар» деген макаласы жарык көрүптүр. Жазуучу өткөн тарыхка кайрылып, тарыхчыларды тарыхты бурмалабай, так жазганга үндөгөн. Андан тышкары өзбек элинин тарыхы жөнүндө кыскача кеп козгоп, аталган элдин белгилүү акыны Хамза Хакимзаде Ниязи, ХIХ кылымда өткөн кыргыздын биринчи жазма акыны кадамжайлык Молдо Нияздин Кокондук өзбек аялынан туулган уулу деп баса белгилейт.

Өлкөбүз эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин гана Молдо Нияздин чыгармачылыгы Кыргыз адабиятынын тарыхында орун алгандыгы баарыбызга маалым. Акын чыгыш адабиятынын үлгүлөрүн өздөштүрүү менен бирге арман, насият, кошок сыяктуу салттуу ырларды жазып, ХIХ кылымдын биринчи жарымында эле кыргыз жазма адабиятынын пайдубалын түптөгөн. Анын чыгармаларында философиялык ойлор, саясат, сатира сыяктуу темалар кеңири сүрөттөлүп, атайын китеп кылып, булгаары менен сырттап, эл арасына таркатып турган. Бирок, Кашкардагы жана Маргаландагы белгилүү мадреселерде билим алып, диний жактан чоң аалым болгон. Ошондуктан Совет доорунда көп китептери жоголуп кеткен.

Акын 1823-жылы Баткен облусунун Кадамжай районун Кызыл Булак айылындагы Ак-кыя деген жерде оокаттуу үй-бүлөдө туулган. Аталган айылда азырда акындын урпактары, туугандары жашашат. Ошол эле айылга чектеш Өзбекстандын Шаймардан айылы жайгашкан. Кылымдардан бери бул эки айылда жашаган өзбек, кыргыздар ынтымакта жашап келишет. Тактап айткакнда, ысык суук мааракелерде бирге болушуп, бир дарыядан суу ичишкен эл. Бул эки элдин айылдарын адабий ордо десек жаңылбайбыз. Анткени Октябрь Революциясы мезгилинде, үгүт иштерин жүргүзгөнү, өзбек элинин коммунист акыны Хамза Хакимзаде Ниязи да Шаймардан айылына келген. Жергиликтүү өзбектер Совет дооруна каршы чыгышып, үгүтчү акынды таш менен уруп өлтүрүшкөн. Бул эки окшош ысымдуу акындардын бири-бирине тиешеси барбы деген суроо коомчулукту кызыктырып келген.

Ош Мамлекеттик Университетинин филология факультетинин окутуучусу, Молдо Нияздин чыгармачылыгы боюнча кандидаттык диссертация жактаган, филология илимдеринин кандидаты Гыламидин Жээнбаевдин айтымында, «эки элдин акындарынын бири-бирине эч кандай тиешеси жок. Бул жөн эле окшош ысымдар» – дейт.

Жогоруда сөз болгон макаланын автору жазуучу экен, Демек, далилдүү маалыматтар менен Хамзани Молдо Нияздин баласы экенин далилдесе, чоң эрдик кылган болот эле. Анткени жазма акындын урпактарынын, туугандарынын арасында да бул маалымат чоң кызыгууну жаратты. Эгерде Хамза Хакимзаде Ниязи, чынында эле Молдо Нияздан калган туяк болсо, элибиздин сыймыгы болмок. Жогоруда аталган макаланын авторунан калайык калк кеңири жазылган макаланы күтөт.

Акматбек Асанов,
Баткен облусу, Кадамжай району, Кызыл-Булак айылы

Жооп калтыруу

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы