ЭКОНОМИКА

Айыл чарба күнү белгиленди

el_kdm_001
Өткүн жумада райондук администрациянын жыйын залында, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы уюуштурган айыл чарба кызматкерлеринин майрамы белгиленди. Бул аземге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым өкүлүнүн бөлүм башчысы А.Бекташов, айыл чарба министрлигинин өкүлү М.Чотонов, ОБСЕнин кеңешчиси И.Червенкова жана район жетекчилиги менен Айыл Банктын, Айыл кеңеш кызматынын, үрөндүк чарбалардын өкүлдөрү жана жеке дыйкандар катышышты.
Кесиптик майрамга арналган жыйынды райондун акиминин биринчи орун басары Ж.Исаков ачып, кесип ээлерин куттуктады. Андан соң райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы А.Асамидинов кесиптештерин майрамы менен куттуктап, бүгүнкү күндөгү райондун агрардык жактан жетишкен ийгиликтерине кеңири токтолду. А.Асамидинов белгилегендей район боюнча 614 миң жер бар. Анын 35 пайызы жайыттар. Калкыбыздын көпчүлүк бөлүгү мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен алектенишет. Фермерлер жана дыйкандар техникалык жактан 648 трактор менен камсыз болушкан. Мал чарбачылыгын жөнгө салууда, жайлоолордун абалы чоң роль ойнойт. Ошондуктан азыркы күндө13 жайыт комитеттери уюшулуп, үзүрлүү иштеп жатышат. Андан тышкары малдардын пародаларын өркүндөтүүчү 8 пункт, 15 үрөнчүлүк чарбалардын иштеп жаткан кези.
Ошондой эле жеке дыйкандар майрамга айыл чарба продукцияларынын көргөзмөсүн уюштурушту.
Облус жетекчилигинин өкүлү, айыл чарбасында татыктуу эмгектенген Майдан айыл округунун жер адиси А. Примовго, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Б.Алиевге, мамлекеттик техникалык инспекциянын башчысы Т.Максутовго Ардак грамоталарды тапшырышып, баалуу белектерди беришти. Андан тышкары райондук администрация тарабынан 13 айыл чарба кызматкерине акчалай сыйлыктар берилди. Ал эми ОБСЕнин кеңешчиси 9 өндүрүштүн алдыңкыларына баалуу белектерди тапшырды.
Салтанаттын жыйынтыктоочу бөлүгүндө, райондун маданият кызматкерлери менен №2 балдар бакчасынын тарбиялануучулардын концерти тартууланды.
Майрамдын соңунда Үч-Коргон токой чарбасы жана райондук агрардык өнүктүрүү башмармалыгы менен биргеликте, тоолорго бадам эгүү демилгесин жарыя кылышты. Бул демилгени майрамдык жыйындын катышуучулары чын ыкластан колдошуп, райондун борборундагы тоолорго бадам көчөттөрүн эгишти.

«Эл Жарчысы»

Жооп калтыруу

«Жогоруга кайтуу» баскычы