ЭКОНОМИКА

Жер семирткичтер таркатыла баштады

Кызыл-Кыя шаарындагы «Дан» ААКна бүгүнкү күнгө 400 тонна жер семирткич келип түшү. Бул жерден Баткен областы толугу менен, кошуна турган Ош областынын Ноокат жана Араван райондоруна да берилмекчи. «Дан» ААКнун директору Данияр Халмурзаевдин маалыматына таянсак, учурда жер семирткичтер бериле баштады. Шаар тургундары, Ак-Булак жана Караван айылынын дыйкандары жер семиркичтерди алуу тизмесин тез арада тапшыруу керек экендигин белгиледи.
Төлөмдөрүн «Айыл банкка» же «Дан» ААКнун кассасына төгө берсе болот. Жалпысынан биздин регионго 227 тонна жер семирткичи бөлүнгөн.

Жер семирткичтерди алууга келген Кадамжай районунун Марказ айылынын айыл башчысы Таир Рахмановго кайрылганыбызда, ал төмөнкүлөргө токтолду.
-Ар бир дыйканга бөлүнүп берилген жер семитиркичти тизме боюнча жеткирүү биздин моюнга жүктөлгөн. Жол акысына 50 тыйын кошуп жеткирүүдөбүз. Базар баасына караганда алда канча арзан экендигин өзүңүздөр деле көрүп турбайсыздарбы.
Андан ары Ак-Булак айылынын дыйкан чарбасынын башчысы Маман Абдуллаевге сөз узаттык.
-Үч күндөн бери ушул жерде жүрөм. Кардарларды иретке салып, район-шаар, айыл өкмөттөрүнүн тизмесин алып кезекке тургузса жакшы болмок экен. Бир аз баш аламандык болуп жатат-дейт кейиштүү. Андан ары сөзүндө быйылкы жылы Өкмөттүн жер иштеткен дыйкандарга көңүл бурулуп, минтип арзан жер семирткичтерди берип жатканына ыраазы. Мындай саамалыктар ушул менен эле токтоп калбастан жыл сайын, кайталана беришинен үмүткер экендигин билдирди.

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы