ЭКОНОМИКА

Жол оңдогон, сооп табат

el_kdm_001Айылдык Кеңештин депутаты Жолчубай Жусубалиев жеке каражатынан Жаңы-Жер айылынын жолдоруна шагыл төшөп, түнкү чырактарды орнотуп, жарыктандыруу аракетинде. Жолчубай акенин негизи максаты миңге жакын кожолук жашаган аталган айылды кичинекей шаарчага айландыруу тура.
Жол түшүп, Баткен тарапка баратканда Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылын аралап өтөсүн. Мен да адаттагыдай Баткенге сапар тартып, аталган айылдагы жолдордун оңдолуп жатканына көзүм түштү. Иштин жүрүшү менен жакындан таанышкан соң, гезит бетинен орун берүүнү туура көрдүк.
Анткени жыл сайын жол оңдоону өзүнө максат кылган Ак-Турпак айылдык Кеңешинин депутаты Жолчубай Жусубалиев быйыл да Жаңы-Жер айылынын 3 миң метрге жакын ички жолдоруна шагыл төктүрүп, 500 миң сомго жакын каражат сарптаган. Эми төгүлгөн шагылды тегиздеп, асфальт төшөөгө камылга көрүп жатканын билдирди. “Чындыгында үчүнчү жолу айылдык Кеңешке депутат болуп шайландым. Шайлангандан кийин качып кетпей, элге берген убадамды аткарып, жолдорду оңдоп жатам. Өзүңөр көрүп тургандай быйыл да ушул иш менен алекпиз. Жолдорду бүткөндөн кийин, коопсуздукту эске алып, түнкү чырактарды орнотобуз. Албетте, айыл өкмөттүн жардамы менен жүзөгө ашырабыз. Негизги максатым – Жаңы-Жер айылын кичи шаарчага айландыруу”,- дейт Жолчубай аке.
Эмнеси болсо да элге берген убаданы эске алып, иш жүзүнө ашырып жаткан Жолчубай акеге баракелде дейбиз.

К.Жапаров

 

Нравится

Жооп калтыруу

«Жогоруга кайтуу» баскычы