ЭКОНОМИКА

Калктын иш менен камсыз болуусу – жергебиздин өнүгүүсүнүн биринчи тепкичи (фото)

el_kdm_001“Z-EXPLORER” компаниясы жергиликтүү калк менен тыгыз иштешип, жаңы жумуш орундарын ачып, калкты жумуш менен камсыз кылууга чоң салымын кошот. Тактап айтканда, компания Шамбесай кенинде 200-300 адамды жумуш менен камсыз кылып, аларды атайын окуудан өткөрүүнү пландаштырууда. Алынган билимдин пайдасын жумушчулар эртеңки күнү да көрөөрү талашсыз.

Албетте, Майдан аймагынын карапайым калкынын “Z-EXPLORER” компаниясынын Шамбесай кенинде жүргүзүп жаткан иштерине байланыштуу ар түркүн ойлору, көйгөйлөрү жана суроолору бар. Жергиликтүү калктын тынчсызданууларын эске алуу менен, Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы тарабынан Шамбесай кенинин аймагында көз карандысыз экологиялык мониторинг ишин жүргүзүү үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Аталган комиссиянын курамына Кадамжай районунун Санитардык жана эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрү, Майдан айыл округунун башчысы, айылдык кеңештин төрагасы жана депутаттары, ошондой эле бир катар жергиликтүү кишилер кирген.

Месторождение Шамбесай                                                                               фото «Эл жарчысы»

Көз карандысыз экологиялык мониторинг ишинин натыйжалары көрсөткөндөй, компания өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык так аткарып жаткандыктан, жергиликтүү жашоочулардын ден-соолугуна жана айлана-чөйрөнүн коопсуздугуна эч кандай коркунуч келтирилген жок. Мындан тышкары, жер-жерлерде радиациялык фондун деңгээлин өлчөгөндө, ал Кыргыз Республикасындагы мүмкүн болгон орточо деңгээлден бир топ төмөн экендиги анык болгон.

Каржы ресурстарынын жана адистердин жетишсиздигинен улам, мамлекетибиздин өзүнүн мындай кендерин өзү иштете албай жаткандыгы, албетте, өкүнүчтүү. Бизге маалым болгондой, Шамбесай кениндеги алтындын жалпы запасы 8 тоннаны түзөт. Долбоордун биринчи этабында 5,4 тонна алтын чыгарылат. Бул этапта 2 миллион тонна кен иштетилип, анда алтындын орточо салмагы бир тонна кенде 4,45 граммды түзөт. Шамбесай долбоорунун мөөнөтү кен өндүрүү, курулуш жана эксплуатациялоо иштери менен кошо 5-6 жылды түзөт. Бул долбоорду куруп, иштетүү үчүн 35 миллионго жакын АКШ доллары керектелет.

Мынчалык жумуш орундарын ачып, аларды айлык акы менен камсыз кылуу, жумушчуларды өз убагында медициналык текшерүүдөн өткөрүп туруу сыяктуу иштер канчалаган акча каражаттарын талап кылат. Мындан тышкары “Z-EXPLORER” компаниясы айыл аймагынын калкынын муктаждыктарын эске алып, мектептердин жылытуу системаларын оңдоо, мектеп бүтүрүүчүлөрүн жалпы республикалык сынакка даярдоо, эң мыктыларынын жогорку окуу жайдагы окуусунун жарым бөлүгүнүн акысын төлөп берүү, жер титирөөдөн зыян тарткан үйлөрдү оңдоп-түзөө, сел жүрүп кеткенден кийин жолдорду тазалоо сыяктуу бир топ демилгелерге акчалай колдоо көрсөтүп, жергиликтүү жашоочулардын көйгөйлөрүн чечип берүүгө чоң аракет кылып келет.

Ушундай жумуш орундарын түзүп берип, айылдын социалдык көйгөйлөрүн чечип, калктын калың катмары менен тыгыз байланышта иш алып барган компанияны колдон чыгарбай пайдаланып калсак дагы жакшы болоор. Мындан тышкары, бул компаниянын артынан Майдан айыл аймагынын эсебине канчалаган кирешелер келет.

Башка салыктардан тышкары, компания кен өндүрүү ишинин бардык этаптарында көрүлгөн пайданын 2 пайызын төлөй баштайт. Алдын-ала эсептөөлөргө таянсак, долбоор бүтөөр-бүткүчө Майдан айыл округунун бюджетине 50 миллион сом келип түшөт. Ушуну менен, Майдан айыл округунун бир жылдык бюджети үч эсе көбөйөт деп айтсак болот. Ал эми чөлкөмдү өнүктүрүү фондуна 200 миллион сом төлөнмөкчү. Ушул акча каражаттарын туура пайдаланып, айылдарыбыздын инфраструктурасын өркүндөтүүгө жумшашыбыз керек.

Кен өндүрүү иштери аяктагандан кийин, бузулган жерлер баштапкы калыбына келтирилип, жергиликтүү эл аларды мурун кандай пайдаланып келишсе, так ошондой пайдалана беришет. Калыбына келтирилбей турган жерлер, анын ичинде ачык карьерлер, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн эрежелер боюнча реабилитацияланат.

Шамбесай кени жабылгандан кийин, аянтта кооптуу суулар калбайт. Иштетилген кендин калдыктарынын коопсуздугу текшерилет. Кен калдыктары чопо жана топурак менен жабылып, ал жерге туура кам көрүлөт. Жер астындагы суулар көпкө чейин мониторингделип, алардын сапаты көзөмөлдөнөт. Бардык имараттар жана курулган обьектилер бузулуп, алар турган жер жергиликтүү элдин колдонуусуна даярдалат. Курулган жолдорду жергиликтүү эл пайдаланып кала берет. Кен жабылгандан кийин тоо-ташты үйүүчү дамбалар, мал жайуучу жайыттар калыбына келтирилет.

Шамбесай долбоору, айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасап, социалдык жактан жоопкерчиликтүү болуу менен, чөлкөмдүн өнүгүүсүнө олуттуу салым кошмокчу.

А.Тажибаев, атайын кабарчы

 

Нравится

Жооп калтыруу

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы