МАДАНИЯТ

Жемиштүү иштегендер «Жетигендин» сыйлыгын алышты

el_kdm_001
Бүгүнкү күндө кыргыз басылмаларынын арасынан «Жетиген» журналы эң абройлуу басылма болуп эсептелинет. Учурда бул түстүү журнал 150 бет болуп, 500 нуска менен чыгып жатат. Ошондой эле өлкөбүздүн бардык аймактарына жана чет элдерге чейин таратылып, миңдеген окурмандарына ээ. Аталган журналды Айдеркен шаарынын кулуну республикабызга белгилүү журналист Абдиламит Жумашов жетектейт.
А.Жумашовдун журналисттик ишмердүүлүгү райондук «Эл Жарчысы» газетасында башталып, тушоосу кесилген. Тактап айтканда, райондук басылманын уясынан үлкөн журналистикага багыт алган «басма сөздүн чебери» – десек жаңылышпайбыз.
Жаңы жыл алдында журналдын чыгармачыл жамааты «Жылдын мыктылары-2012» сыйлыгын тапшыруу салтанатын өткөрүштү. Бул аземде Надир Жолдош уулу башчылык кылган А.Орозбеков айыл округу «Жылдын мыкты айыл аймагы» сыйлыгына татыктуу болду. Ал эми Исманали Карабаев жетектеген «Кызыл-Булак» ЖЧК ишканасына «Жылдын мыкты өнөр жай ишканасы» сыйлыгы ыйгарылды.
Жеңүүчүлөргө дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.

А.Асанов, атайын кабарчы

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы