Өлкө аймагында жашаган элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо максатында Айдаркен шаарында сентябрь айы ичинде “Алтын өрөөн” достук фестивалы өтүүсү күтүлүп жатат. Аталган иш чараны жогорку деңгээлде жүргүзүү үчүн Кадамжай райондук мамлекеттик администрациянын алдында атайын уюштуруу тобу түзүлүп, райондук деңгээлде аткарылуучу иш-чаралардын планы иштелип чыкты.
Райондук маданият бөлүмү фестивалга катышуучу өнөрпоздорду, таланттарды, өздүк көркөм чыгармачыл коллективдердин достук темасындагы маданий-массалык программасын даярдап, жогорку денгээлде көрсөтүүнү уюштуруп жатышат.
Достук фестивалын өткөрүүгө сарпталуучу финансы каражаты, музыкалык аппаратуралар жана башка маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигине маселе коюлду.
Тематикалык лозунгдар, достук чакырылыштагы үгүт-насаат сөздөр, баннерлердин, фестивалдык, майрамдык, желекчелердин, жасалгалардын тексттерин Айдаркен шаардык мэриясы даярдап жатат.
Райондук билим берүү бөлүмү райондун аймагындагы улуттук мектептердин жамааттарын, педагогдордун, окуучулардын “Алтын өрөөн” фестивалына активдүү катышуусун камсыз кылууга милдеттендирилди.
Шаардагы санитардык тазалоо, актоо, сырдоо, көрктөндүрүү жана жасалгалоо иштери да жүргүзүлүүдө.
«Эл жарчысы»