ДЕН СООЛУК, МЕДИЦИНА

14 жаштагы кыз төрөдү

Мындан 10-15 жыл алдын басма сөз беттеринен криминал чөйрөсү же ушуга окшош үрөй учурган окуяларды окуп алып жаканды кармап чынбы-жалганбы деп ишенгин келбөчү. Азыркы убакта өзүбүздүн эле Кадамжай районунда жасалып жаткан кылмыштар, кадимки боевик кинолорун чагылдырат. Бул туурасында ар кандай пикирлер пайда болуп, кээ бирөөлөр «Россия чыгып акча куттурту» десе, көпчүлүгү руханий тарбиянын жоктугу дешет. Жакынкы эле күндөрү “Эко банктагы” адам өлүмү менен аяктаган тоноочулук, адамдарды дүрбөлөнгө салса, 20-сентябрдагы 14 жашар кыздын төрөшү андан беттер жаман жагдай жаратты.
Кадамжай аймактык ооруканасынын Төрөт бөлүмүнүн башчысы Роза Пакырованын айтымында 19-сентябрь күнү белгисиз жашы жете элек кыз төрөт бөлүмүнө кайрылат. Ошол эле убакта бул иш боюнча Кадамжай РИИБно кабарлашкан. Натыйжада ал кыздын дареги такталып 1998-жылы туулган 14 жашта экени аныкталган. 14 жаштагы кыз 20-сентябрь күнү төрөп, баласы чарчап калган.
Кадамжай РИИБно кайрылсак бул кыз Кызыл-Кыя шаарында жашагандыктан, шаардык ИИБне тергөө иштерин өткөрүп беришкенин айтат.

 
 
Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы

Бир комментарий

  1. Азыркы кезде андай корунуштор конумуш адатка айланып бара жаткандай.15жаштагы кыздарды турмушка берип,16жаштагы балдарды уйлоп жатышпайбы.Эрте уйлонгон бок мурун бала кандай уй було багат,кантип бала тарбиялайт деп ата эне ойлобосо анда ким ойлойт

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы