ДЕН СООЛУК, МЕДИЦИНА

ЖАНЫБАРЛАРДАН ЖАБЫРКАГАНДАР КӨП

el_kdm_001Кадамжай районунун аймагында жаныбарлардын тиштөөсүнөн жабыркап, медициналык жардамга кайрылгандар көп болууда. Райондук мамлекеттик администрациянын берген маалыматы боюнча, 2013-жылдын 6 айында 364 адамды түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу көбөйгөн. Алардын ичинен ит тиштегендер-282, мышыктар-16, айыл чарба малдарынан жабыркагандар-44, келемиш тиштегендер-13, түлкүдөн-3, жылкыдан-2, эшектен-4 адамдар жабыркаган.
Кадамжай райондук ветеринардык башкармалыгынын башчысы Таир Мадимаровдун айтымында,өткөн жумада Бирлик айыл округунун жайлоосунан 1 кой, 1 музоо, Алга айыл округунун Көк-Талаа жайлоосунан 2 бодо малдан кутурма оорусу аныкталды. Аталган малдар өлтүрүлүп, көмүлдү. Кутурган малдар чөө бөрүлөрүнөн жуктурган.

«Эл жарчысы»

 

Нравится

Жооп калтыруу

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы