БИЛИМ, ИЛИМ

Рекеттердин өнүгүүсүнө жол бербейбиз

el_kdm_001
Акыркы убакта окуучулар арасында мектеп рекетчилиги күч алууда. Өлкөбүздө мектеп рекетчилигинин алдын алуу боюнча ар кандай иш чаралар болгон менен кээ бир жерлерде өлүм менен аяктаган учурлар кездешип жатат. Эскерте кетсек, сентябрь айында Базар-Коргон районунун Кызыл-үңкүр айылындагы мектепте окуучулардын мушташынын айынан бир бала өлгөн эле. Мына ушундай иштердин алдын алуу максатында, 14-ноябрда Орозбеков айыл округундагы мектеп окуучулары «Охна» гимназиясында «Биз рекеттердин өнүгүүсүнө жол бербейбиз» аттуу ачык эшик болуп өттү. Анда РИИБнүн ЖЖӨИнин кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Мектеп окуучулары концерттик программа тартуулагандан кийин, спорттук мелдеш менен уланды.
ЖЖӨИнын ага инспектору, милициянын лейтенанты И. Турабаева: «Биздин райондо мектеп рекетчилиги болгон учурлар жок. Бирок, айрым окуучулардын бейбаштыктык кылган фактылары катталган. Мектептер менен тыгыз байланышып келебиз. Жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукка жол бербөөгө дайым даярбыз» дейт.
Бирок «Охна» гимназиясында өткөн бул иш чаранын жүрүшү уюштуруучулук жагы начар экендиги көрүнүп турду. Окуучулардын мугалимдерди тоотпогондой тартип сактабагандыгына тартип сакчылары менен бирге күбө болдук.

Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы