Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу «Ак-Турпак» айыл округунадагы Миң –Чынар айылдык китепканасынын фондунда 5282 китеп бар. Бирок, окурмандардын көпчүлүгү кыргыздар болсо да, фондудагы китептердин негизги бөлүгүн орусча адабияттар түзөт.
Китепкана башчысы болуп, 20 жылдан бери иштеген Бекмурза Батыркожоевдин айтымында, 3774 орусча, 1487 кыргызча китептер сакталган. Ал эми 328 даана китеп башка тилдерде. Көркөм чыгармалардын саны болсо, 2930 китеп.
«Айылдык китепканалар ээн калып, эч ким китеп окубай калды-десек жаңылышабыз.
Анткени алыскы айылдарга интернет, компьютер сыяктуу жаңы каражаттар кеңири таркай элек. Ошондуктан окуучулар, айыл адамдары китепканага көп келишет. Быйылкы жылы эле 769 окурман китепканадан ар кандай адабияттарды алып окушту. Ошондой эле Союз учурундагыдай, ар бир үй-бүлөгө гезит, журналдар таркабай калгандыгы баарыбызга маалым.
Китепкана ачылгандан бери, республикалык «Кыргыз Туусу», Эркин Тоо», «Супер Инфо», райондук «Эл Жарчысы» сыяктуу газеталардын жаңы сандары сакталат. Бул басылмалардан күндөлүк жаңылыктарды окугандар да аз эмес. Тактап айтканда маалымат борборуна айланган жай –деп сыймыктаануу менен айтаар элем.
Китепкананын негизги көйгөйү, улуу ойчул, дипломат, дүйнөнүн залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун бир да кыргызча китебинин жоктугун баса белгилегим келет.
Окурмандардын бардыгы эле атактуу инсандын чыгармаларын сурашат. Айласыздан, «жер тиктегенге» туура келет-дейт китепкана башчысы.
Дагестандын дүйнөгө белгилүү улуу калемгери Расул Гамзатовдун «Менин чыгармаларымды өз элим окубаса, билбесе дүйнө жүзүндөгү адамдардын окуганы бир тыйын» – деген экен.
Анын сыңарындай, кыргызды ааламга тааныткан, замандын залкар жазуучусунун айылдык китепканада, китептеринин жоктугу, элибиздин руханий байлыгынын өсүшүнө, улуттук маданиятыбыздын өркүндөшүнө кош көңүл мамиле кылганыбыздын белгиси.
Өткөн айда Санкт-Петербург жана Астана шаарларында улуу инсандын чыгармачылыгына байланышкан иш-чаралардын өткөрүлүшү, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын деңгээли жогору экенин тастыктайт. Кыргыз элин башкарган бийлик ээлери да айылдык китепкананын көйгөйүнө көңүл бурат-деген ишеничтебиз.
Акматбек Асанов, Баткен облусу, Кадамжай шаары