САЯСАТ

Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал кайрадан курчуду, чек арачы жарадар болду

Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде кырдаал курчуп кеткендигин маалымдады.

Мамлекеттик  чек ара кызматынын төрагасынын, КР Өкмөтүнүн Баткен облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлүнүн катышуусунда чек арага канатташ аймактын элине түшүндүрүү иштери жүрүп жаткан учурда тажик тараптан Кыргызстандын жарандарына карата эки ок чыгарылган. Анын натыйжасында Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкери жарадар болду.Мамлекеттик чек аранын бул тилкесинде чек ара тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат.

Исфара – Ворух  автотрассасында кыймыл токтотулган. Ошондой эле Тажикстандын жарандары Исфана – Баткен жолун тосуп алышкан.

2019-жылдын 23-июлунда Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара ведомстволорунун жетекчилеринин жолугушуусу  күтүлүүдө.

Барометр.kg

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы