САЯСАТ

ПРЕМЬЕР-МИНИСТР КАДАМЖАЙДА

Жантөрө Сатыбалдиев
КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев баштаган жетекчилердин иш сапары Кадамжай районунун Актурпак айыл округунун аймагынан башталды. Аталган айыл округунун жергиликтүү жашоочулары менен жолугушуу учурунда көйгөйгө айланган чек ара маселелери айтылды. Ошондой эле район боло турган келечеги бар бул аймакты мындан ары да өздөштүрүү, суу чыгаруу үчүн каражат жагынан жардам берүү жагы тиешелүү жетекчилерден суралды.
Элдин суроо талаптарын көңүл коюп уккан Премьер-министр Бүргөндү өрөөнүнүн келечеги алдыда экендигин, бул жерди гүлдөгөн аймакка айландыруу үчүн Өкмөт бардык аракетин көрөөрүн жана суу, электр жарыгы, газдаштыруу маселелерин чечип берүүгө убадасын берди.

Жетекчилер Бүргөндүдөгү Дюкер массивин көрүп чыгышты. Бул аймак үчүн 7,2 млн АКШ доллары бөлүнүп берилген. Буюрса, бул жерлер өздөштүрүлгөн соң, 10 миң адам жумуш менен камсыз болуп, айыл чарба кооперативдерин уюштуруу үчүн жагымдуу шарттар түзүлөт. Социалдык курулуштар курулуп, элдин жашоосу оңолот. Мындагы курулуштарды бүткөрүү 2013-2014-жылдарга пландаш-тырылууда. Курулуш-монтаждоо жумуштары аяктаары менен 3 миң 498 гектар жаңы сугат жерлер ишке түшүп, ал жерлер айыл округунун карамагына өткөрүлүп берилет. Жолугушуунун жүрүшүндө Актурпак айыл округунун башчысы А.Төралиев аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берди. Бул аймакта жердин астында көптөгөн нефти жана газ байлыктары жатканын белгиледи. Айыл округ башчысы тарабынан аткарылып жаткан мындагы алгылыктуу иштерге ыраазы болгон Жантөрө Сатыбалдиев, кызматтык автоунаасы жок айыл округ башчысына өзү киришип, кызматтык автомашина берүүгө убада кылды.
Андан соң иш сапардын жүрүшү Кадамжай сурма комбинатында улантылды. Премьер-министр мындагы өндүрүштүн жүрүшү менен жакындан таанышып, жумушчулар менен баарлашып, алардын ал-абалын сурады. Айдаркен сымап комбинатынын директору Т.Салиев да иштин жүрүшү тууралуу маалымдап, жетишилген ийгиликтерди жана ишканадагы көйгөйлөрдү айтып өттү. Премьер-министр мындагы козголгон маселелерди тийиштүү министрликтер менен ведомстволордун алдына коюу менен бирге алардын оңдуу чечилишине бардык аракетин жумшай тургандыгын билдирди.
Табият кырсыгынан аймактык оорукананын эски имараты жараксыз абалга келген. Жаңы имарат куруу үчүн мамлекеттик казынадан 360 млн сом акча каражаты каралган. Бүгүнкү күндө 150 койкалуу оорукананын жаңы имараты курулуп жатат. Мындагы аткарылып жаткан иштер менен Ж.Сатыбалдиев баштаган жетекчилер жакындан таанышышты.
Жер титирөөдөн жабыр тарткандарга Кадамжай шаарына 5 кабаттуу, 45 батирлүү үй куруп берүү мамлекет тарабынан колго алынган. Бул жайды көргөн Премьер-министр үйдүн курулушуна кетчү акча каражаты 2013-жылдагы бюджеттин бекитилүүсүндө каралып, колдоого алынаарын билдирди.
Жетекчилердин Кадамжайга болгон иш сапарынын соңунда райондун акиминин биринчи орун басары Ж.М.Исаков элдин көйгөйлөрүн чечүү үстүндө өкмөттүн жүргүзүп жаткан иштерине жогору баа берип, жергиликтүү элдин атынан ыраазылык билдирди. Чынында Премьер-министрдин бул жумушчу сапары калктын көйгөй маселелерин чечүү менен өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу, экономиканы көтөрүү, калктын жашоо-турмушун жакшыртуу үстүндө чечкиндүү кадамдар жасалып жаткандыгын билдирди. Андан ары областтын активдери катышкан жыйын Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын жыйындар залында уланды. Жыйында бардык район жана шаар башчыларынын Өкмөттүн алдында 2012-жыл ичинде аткарылган иштер боюнча отчёттору угулду. Алардын ичинен Баткен жана Кызыл-Кыя шаардык мэрияларында талапка жараша иш аракеттер жүрбөй жатканын эки күндүк иш сапарында көрүп, таанышкан Өкмөт башчы алардын кемчиликтерин да белгиледи. Жыйынтыгында Өкмөт башчы Ж.Ж.Сатыбалдиев Баткен областынын активдерин, башкача айтканда жетекчилерди мындан ары чымырканып иштөөгө чакырды.

А.Тажибаев, атайын кабарчы

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы