2013-жылдын жыйынтыгы боюнча «Эң мыкты музей» Кадамжай районундагы Абдыкадыр Орозбеков атындагы мемориалдык музейи аталды. 28-январь күнү КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин кеңейтилген коллегиялык кеңешмесинде аталган музейдин жамааты диплом менен сыйланды.
Бул тууралуу Кадамжай райондук маданият бөлүмүнүн милдетин аткаруучу Каныкей Мамытова билдирди.
Кадамжайдагы Абдыкадыр Орозбековдун музейи 1989-жылы уюшулган. Музейде 535 экспонат бар. Ал эми өлкө аймагында 36 мамлекеттик музей бар.
Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы