КООМ

Кадамжай районунда 13 айыл аймактын ордуна 8 айыл аймак түзүлөт

Кадамжай районунун картасы

Административдик-аймактык реформанын алкагында Баткен облусунун Кадамжай районундагы айыл аймактарды 8 айыл өкмөткө бириктирүү пландалып жатат.

Реформанын максаты элге кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатып, калктын жашоо-турмушун жакшыртууга өбөлгө түзүү, жергиликтүү бийлик органдарынын жоопкерчилигин жогорулатуу, ошондой эле чечимдерди ыкчам кабыл алуу, жергиликтүү бийликтин ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүү болуп саналат.

Учурда райондун аймагында 13 айыл аймак бар.

Реформадан кийинки карта

Түзүлө турган 8 айыл аймак:

– Чаувай жана Үч-Коргон (Какыр, Калача жана Разъезд айылдарынан тышкары) айыл аймактарын бириктирип, Үч-Коргон айылын административдик борбор деп аныктоо менен Үч-Коргон айыл аймагы түзүлөт;

Үч-Коргон айыл аймагы

Үч-Коргон айыл аймагынын Какыр, Калача жана Разъезд айылдарын бириктирип, Кара-Дөбө айылын административдик борбор деп аныктоо менен А.Масалиев айыл аймагы;

Масалиев айыл аймагы

– Айрыбаз жана Майдан айыл аймактарын бириктирип, Айрыбаз айылын административдик борбор деп аныктоо менен Майдан айыл аймагы;

Майдан айыл аймагы

Алга (Шак-Шак айылынан тышкары), Кыргыз-Кыштак жана Совет айыл аймактарын бириктирип, Алга айылын административдик борбор деп аныктоо менен Молдо Нияз айыл аймагы;

Молдо Нияз айыл аймагы

– Орозбеков жана Көтөрмө айыл аймактарын бириктирип, Учкун айылын административдик борбор деп аныктоо менен Орозбеков айыл аймагы;

Орозбеков айыл аймагы

– Бирлик (Аэропорт участогунан жана Кичи-Айдаркен айылынан тышкары), Ак-Турпак аймагы өзгөртүүсүз калат;

Исхак-Полотхан айыл аймагы өзгөртүүсүз калат;

Исхак-Полотхан айыл аймагы

Кадамжай шаары административдик чегинде өзгөрүүсүз калтырылат.
Бирлик айыл аймагынын Аэропорт участогу жана Кичи Айдаркен айылы жана Алга айыл аймагынын Шак-Шак айылы Айдаркен шаарынын курамына киргизилсин.

Айдаркен шаары

Баткен, Лейлек райондорунда, Баткен жана Сүлүктү шаарларында административдик-аймактык реформаны жүргүзүү мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо аяктаганга чейин токтотулуп турат.

Булак Турмуш

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы