КЫРСЫК

Баткенде аял күтүүсүз окуяга туш болуп, аны көргөн милиционерлер жардамга келишти

Баткенде милиция кызматкерлери каналга агып бара жаткан аялды куткарып калышты. Бул тууралуу ИИМдин атайын багыттагы полкунун басма сѳз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ИИМдин атайын багыттагы полкунун Баткен шаарында жайгашкан ѳзүнчѳ ротасынын кызматкерлери — милициянын кенже сержанты Мотоев Мадияр жана милициянын сержанты Мадали уулу Мелис бүгүн, 14-июль күнү саат 10:00 чамасында Ай-Сай айыл аймагындагы кайгуул-күзѳт кызматын алмаштырууга бара жаткан учурда, Баткен районунун Кѳк-Таш айылынын кире беришиндеги чоң каналда агып келе жаткан аялды кѳрүп калышкан. Ошол замат 2 милиция кызматкери сууга секирип киришип, аялды куткарып калышкан. Андан соң куткарылган аялды ооруканага алып кетишкен.

Учурда куткарылган аялдын абалы жакшы.

Булак: Турмуш

Жооп калтыруу

«Жогоруга кайтуу» баскычы