КЫРСЫК

Кадамжай районунда Тегирмеч шахтасына көмүр казуу үчүн кирген адам дайынсыз болууда

el_kdm_001
Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылында 2-декабрь күнү Валакуш айылынын тургуну 1969-жылы туулган Сатар Каимов Тегирмеч чегиндеги көмүр шахтага, көмүр казуу максатында кирип кетип кайра чыккан эмес. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 4-декабрь күнү издөө иштерине КР ӨКМнин Кызыл-Кыя шаардык №4-өзгөчө мобилдештирилген тоо-кен взводунун (ӨМТККВ) куткаруучулары барышып, издөө иштери жүргүзүлгөн. Бирок натыйжа болгон эмес. Издөө иштери бүгүн улантылат.

«Баракелде»

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы